Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Элине арналган элестЇЇ эмгек»

23 Дек 2014
2014-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде филология илимдеринин доктору, профессор, Улуттук Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Ахматов Токтосун Керимбаевичтин туулган күнүнүн 85 жылдыгына арналган “Элине арналган элестүү эмгек» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт.

Токтосун Ахматов Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылында 1929-жылы 21-декабрда туулган.

Т. К. Ахматов 1950-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирип, аны артыкчылык диплому менен бүтүрүп, “Мугалимдер газетасынын” партиялык, профсоюздук бөлүмүнүн башчысы болуп ишке орношот. Ошол эле жылы Кыргыз Улуттук университетинин аспирантурасына кирип, “Кыргыз тилинин Талас говору” деген темада илимий изилдөө жүргүзүп, 1959-жылы кандидаттык диссертациясын коргойт. Ал аспирантураны аяктагандан кийин КМУнун кыргыз тил илими кафедрасында ассистент, улуу окутуучу, доцент болуп эмгектенген.

Т.А.Ахматов “Азыркы кыргыз адабий тилинин тыбыштык түзүлүшү” деген темада докторлук диссертациясын коргоп, 1970-жылы профессордук наамын алат. Ал 1973-жылдан тартып 32 жыл университетте эмгектенип, студенттерге билим тарбия таалим берип келген. 1990-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Тил илими институтунда Кеп маданияты секторунун башчысы, 1998-жылдан 2005-жылга чейин Тил илими институтунун директору болуп эмгектенген.

Профессор Т.К.Ахматов – кыргыз тил илимине өзүнчө из салган ири окумуштуу. Кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшүн тыбыштардын жасалышына катышкан органдардын физиологиясына, тыбыштардын физикалык касиетине, лингвистикалык өзгөчөлүгүнө тиешелүү жагдайларды атайын аппараттардын жардамы аркылуу изилдеп, сыпаттоону кыргыз тил илимине биринчилерден болуп киргизген. Натыйжада эксперименталдык ыкманын негизинде кыргыз тилиндеги бардык тыбыштар физиологиялык, физикалык жана лигвистикалык жактан мүнөздөлгөн. Окумуштуу жогорку окуу жайлары үчүн алгачкы окуу китептерин жана окуу куралдарын жазууну уюштуруп, “Кыргыз тили”, “Азыркы кыргыз тили”, “Тил илимине киришүү”, “Жалпы тил илими” аттуу китептерге авторлош болуп жазышкан.

Ал ар түрдүү илимий форумдарга: фонология жана кепти эксперименталдык иликтөө боюнча эл аралык симпозиумдарда (Ленинград, Москва, Лига, Таллин), II, III, IV түркологиялык конференцияларда (Алматы, Ташкент, Фрунзе) кыргыз фонологиясы, грамматика, лексика, математикалык лингвистика жана башкалар боюнча чет өлкөлөрдө (Алматы, Ленинград, Рига, Новосибирск, Чимкент, Бухара, Минск, Тбилиси, Киев) докладдар менен катышкан. Окумуштуу жогорку квалификациялуу кадрларды даярдап, илимдин 30дан ашуун кандидатын, 4 докторун даярдаган. Азыркы кездеги кыргыз тил илими менен адабиятынын жүгүн аркалап жүргөн илимпоздор менен окумуштуулардын чоң тобунун өсүп чыгышына тикеден-тике зор үлүш кошкон.

Т. К. Ахматовдун илимий ишмердүүлүгү жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын “Илимине эмгек сиңирген ишмери” ардак наамы ыйгарылып, Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги наамы жана “Даңк”, “Эмгектин каармандары”, “Эмгектин ардагери” медалдары менен сыйланган.

Дареги: Бишкек ш: Ю. Абдрахманов көч. 208

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы тел: 30-47-04