2017-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө Социалисттик Эмгектин Баатыры Зууракан Кайназарованын 115 жылдыгына арналган “Эмгек даңкка жеткирет” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Ак эмгегинен баар тапкан, кыргыздын даңктуу кызы кант кызылчасынан жогорку түшүм алуунун устаты, эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры З.Кайназарова 1902-жылы Сокулук районуна караштуу Жыламыш айылында туулган.
1929-жылы Калинин атындагы колхозго биринчилерден мүчө болуп кирип, эмгек жолун баштап, бүт өмүрүн өрнөктүү ишин колхозуна арнаган.
Ал иштеген колхоз кызылчаны 1933-жылы биринчи жолу айдап, жумушчулардын тажрыйбасыздыгынын натыйжасында 40-50-центнерден гана түшүм алышкан.
Кызылчачылардын райондук кеңешмесинде мол түшүм алуу үчүн күрөшүү боюнча үндөө менен кайрылган белгилүү украиналык кызылчачы Мария Демченконун чакырыгын Зууракан да колдоп, звено боюнча 500 центнерден, өз участогунан 800 центнерден түшүм алууга убада берген. Өзүнүн уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү жана талыкпаган эмгектенүүсүнүн натыйжасында анын звеносу кызылчанын ар гектарынан 700, өзүнө тиешелүү аянттын гектарынан 1000 центнерден түшүм алып алган милдеттенмесин ашыгы менен аткарган.
Жыл өткөн сайын кызылчанын түшүмүн жогорулатып, согуш учурунда да ар жылы ар гектарынан 1100-1200 центнерден түшүм алууга жетишкен.
1942-жылы З.Кайназарова өндүрүштөгү жогорку көрсөткүчтөрү үчүн Бүткүл Союздук Айыл чарба көргөзмөсүнүн алтын медалына татыктуу болгон.
З.Кайназарова өз чарбасын гана эмес, Чүй өрөөнүнүн кызылчачыларына өз тажрыйбасын үйрөтүп, Социалисттик Эмгектин Баатырлары К.Шопокова, Н.И.Воробьева өңдүү өлкөбүздүн алдыңкы кызылчачыларына үлгү болгон. Анын жетекчилиги менен звенонун мүчөлөрү кызылча өстүрүүнүн мыкты мастерлерине айланып, башка звенолорго жетекчилик кылууга жиберилет.
Кызылчачынын өмүрү эмгектеги каармандыктын, даңктын символу гана эмес, эненин эрдигинин да үлгүсү. Согуш мезгилинде өз туугандарынан 1 уул, 1 кызды жана орус улутундагы эки кызды багып, тарбиялап өстүрүп, өз туурларына кондурган.
1947-жылы 15 гектар жердин ар гектарынан 971,5 центнерден кызылча жыйнап ийгилик жараткан. 1949-жылы колхозчулар З.Кайназарованы Калинин атындагы колхоздун башкармасынын төрагасына шайлашкан, колхоздун экономикалык абалы бир кыйла чыңдалып көрсөткүчтөт жогорулаган.
1952-жылы колхоздор ирилештириле баштаганда “Дружба” колхозунун звено башчысы болуп иштеген.
Өз элине ак ниети менен кылган эмгеги коомчулук тарабынан жогору бааланып, эки жолку Социалистик Эмгектин Баатыры (1948, 1957) деген ардактуу наам ыйгарылып, Үч Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. 1974-жылы Кыргыз Республикасынын айыл чарба министерствосу алдыңкы кызылчачыларга З.Кайназарова атындагы сыйлык белгиленген.
1982-жылы 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Бюсту Бишкек шаарына жана өзүнүн айылына орнотулган.
Көргөзмөдө Зууракан Кайназарова жөнүндөгү китептер, макалалар, эскерүүлөр орун алган.
Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы.
Тел: 30-50-57, 30-47-04