Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Эмгектен тапкан зор бакыт

08 Июн 2017
2017-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө Социалисттик Эмгектин Баатыры Телегей Сагынбаеванын 115 жылдыгына арналган “Эмгектен тапкан зор бакыт” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Республикабыздын кой чарбасынын өнүгүшүнө ири салымын кошкон белгилүү чабан Телегей Сагынбаева 1902-жылы 8-июнда Нарын областына караштуу Кочкор районундагы Ак-Жар айылында туулган.
Ата-энесинен эрте ажырап жетим өскөн. Ал 1928-жылы чабан болуп иштеп, өз бактысын эмгектен тапкан. Кочкор мамлекеттик эксперименталдык кой чарба заводунда эс алууга чыкканга чейин үзүрлүү иштеген.
Эр азаматтар кесип кылган оор кесипти ал кыргыз аялдарынын ичинен алгачкыларынан болуп тайманбастан колуна алып кыштагы ызгардуу бороонго, жаздын нөшөрлөнгөн жамгырына туруштук берип, өзү баштаган чыйырды улам арылатып бир топ ийгиликтерди жараткан.
Өз кесибин ардактап сүйгөн чаалыкпас эмгекчил чабан кой чарбасын өсүп-өнүгүшүнө салым кошуп, жан үрөп күнү-түнү тыным албай иштеп, жаш чабандарга насаатчы болуп өзүнүн бай тажрыйбасын үйрөткөн. Ченемсиз түйшүгү маңдай балкыткан бакыт жана зор кубанычтарды тартуулады.
Ал өзү баккан ар бир ириктен 6 кг, кийинки жылы 7,2 кгдан жүн кыркып алууга жетишип, тирүүлөй салмагын 75 кг чейин жеткирип мамлекетке тапшырган. Ошол бакыт менен кубанычтын эн бийиктиги чабан үчүн 1957-жыл болду. Жогорудагы ийгиликтери эмгектеги жетишкендиктери үчүн “Социалистик Эмгектин Баатыры” деген ардактуу наам ыйгарылган. Жогорку көрсөткүчтөрү үчүн ага Кыргыз ССРинин социалисттик мал чарба мастери” деген наам берилген, Кыргыз ССРинин 4-5-6 чакырылышына депутат болуп шайланган. Ленин ордени жана “Орок жана Балка” алтын медалдары менен сыйланган.
Т.Сагынбаева эмгектин гана баатыры болбостон, көп бала тарбиялап өстүргөн Баатыр эне да болгон. Анын жүрөгүн эмгекке болгон ченемсиз сүйүү менен бирге энелик сүйүү да уялап бир колуна камчы кармап кой артынан жүрсө, бир колу менен бешик терметип 10 баланы алпештеп багып өстүргөн.
Союздук маанидеги пенсионер, ардактуу чабан 1980-жылы дүйнөдөн кайткан.
Көргөзмөдө Телегей Сагынбаева жөнүндөгү китептер, макалалар, эскерүүлөр орун алган.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы.
Тел: 30-50-57, 30-47-04