Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“ЭНЕ-ТИЛ” КҮНҮНӨ КАРАТА “ЭНЕ ТИЛИН БИЛБЕГЕН, ЭЛИН СҮЙҮП ЖАРЫТПАЙТ” АТТУУ АТАЛЫШТАГЫ ИШ-ЧАРА

“ЭНЕ-ТИЛ” КҮНҮНӨ КАРАТА “ЭНЕ ТИЛИН БИЛБЕГЕН, ЭЛИН СҮЙҮП ЖАРЫТПАЙТ” АТТУУ АТАЛЫШТАГЫ ИШ-ЧАРА
16 Фев 2024
2024 – жылдын 16-февралында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Эл аралык “Эне-тил” күнүнө карата “Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт” аттуу аталыштагы иш-чара өткөрдү.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, Чүй кайрыктар уюмунун ардагери Шералиев Жыргалбек, Кожобердиева Турдуайым ж.б. мүчөлөрү, Ош кайрыктар уюмунун жетекчиси Машаева Бактыгүл жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин юридикалык колледжинин илимий иштери боюнча директору Турсуналиев Нурбек Табалдиевич, мугалимдери Касымалиева Жаңыл Жолдошбековна, Мусаева Айнура Сагынбековна, Имангазиева Аида Имангазиевна, жаш студент таланттарыбыз Нуркашов Сардарбек, Сейиткеримов Адилет о.э. башка студенттеринин катышуусунда өкөрүлдү.
“Эне тилге” арналган иш-чарада аткаруучу Карыпбаев Алымкул агай жана обончу, аткаруучу Кадыркулов Өзбек агай жетектеген “Жети Ата” комузчулар ансамблинин коштоосундагы “Жети-Ата, эне-тил, Асаба” ж.б. ыр-күүлөр аткарылып, кечеге катышкандардын мекенчил сезимдерин козгоду. Кыргыз тилинин көйгойлөрү боюнча маселелер кеңири талкууланды. Эне тилге арналган ырларды окуучулар көркөм окушту. Жигердүү катышкан окурмандарга китепкананын жетекчилиги жана кайрыктар казынасы уюму тарабынан ыраазычылык каттары тапшырылды.