Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Эр журок азаматтарга таазим

06 Апр 2016
2016-жылы 4-апрелинде Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Элдик Революция күнүнө карата «Эр жүрөк азаматтарга таазим!» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлдү.
Көргөзмөнүн ачылышына мамлекеттик, коомдук ишмерлер, КР Баатыры, эл жазуучусу Б.Жакиев, КР Баатыры А. Алымкулов, Революциянын Баатыры, “Айкөл Ала-Тоо” коомунун мүчөсү К.Жумаканов, Cоциология илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору К.Исаев, Т. Тургуналиев, Ж. Жекшеев, “Мекен шейиттери”, “Эр теги” коомунун төрагасы О.Жамансариев, маданияттын, илимдин, билимдин кызматкерлери, акындар, жазуучулар, коомчулук, студенттер, окуучулар жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Иш чара Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевдин Элдик Революция күнүнө карата сүйлөгөн сөзү, эскерүү видео тасма көрсөтүү менен башталды. Бул иш чараны Улуттук китепкана директору Ж.Бакашова ачып, катышуучуларды Апрель Баатырларын бир мүнөт эскерип коюусун өтүндү. Ал төмөнкүлөргө токтолду. Ар бир болуп өткөн окуянын артында тарыхый чындык бар. Мурдагы кландык жана үй-бүлөлүк бийликтин кысымында жашаган жана каны-жаны төгүлгөн эл бул тарыхый күндү унута да албайт. Бул ыңкылапты калдайган карапайым калк ишке ашырды, эл буга барууга мажбур болду. Бийлик ээлери 6-апрелдин түнүндө БЭК (Бириккен элдик кыймыл) оппозиция лидерлерин толук камакка алышкан. Эл көтөрүлүп чыгууга шылтоо издеп турганда алардын мындай аракеттери отко май чачкандай болду. Эл лидерсиз эле стихиялык мүнөздө күрөшкө өздөрү чыгышты. Ак үй элди мөндүрлөгөн ок менен тосуп алганына карабастан «түгөнгөн сайын түтөп, кырылган сайын күчөп» бийликти тизе бүктүргөн. 7-апрель ыңкылабынын негизги жеңиши, үй-бүлөлүк башкарууну кулатты. Кыргыз эли бир үй-бүлө же бир ууч топтун кызыкчылыгына эч моюн сунбай тургандыгын көрсөттү. Албетте, бул күрөш оңой менен келген жок. 88 азаматтын өмүрүн алып бир жарым миң адамдар ден-соолугунан ажырашты.
Сөз КР Баатыры Б.Жакиевге берилип, ал кандуу кагылышта кыргыздын чолпондой болгон бейкүнөө балдарынын шейит кеткен өмүрү, ый-муңга чыланган Ата-Бейит. Кара кийип, карайлаган энелер менен жубайлар, атасын жоктоп чыркыраган чүрпөлөр, андан бери мына 6 жыл өттү. Ыңкылаптын жеңиши менен баш мыйзам өткөрүлүп, легитимдүү президент шайланып, өлкө таптакыр башка курска парламенттик башкарууга өттү деп, мындан ары Кыргызстан мамлекети гүлдөгөн өлкөгө айланып, тынчтык өкүм сүрүп, элибиз ынтымакта, бейпилдикте жашоого татыктуу экенин айтып өттү.
А.Алымкулов, К.Исаев, Ж.Жекшеев, Т.Тургуналиев, О.Жамансариев, К.Жумакановдор сөз сүйлөшүп, биздин жаштарыбызга кайрылышып, кандай болгон күндө да, өткөн апрель окуясы феномен катары тарыхта калаарын тана албайбыз. Анткени, Кыргызстандын апрель окуялары Ливия, Египет, Сирия, Тунис, Марокко өңдүү Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка өлкөлөрүнө маяк катары белги берип, кыргыз эли аларга үлгү боло алды.
2010-жылдын апрели өлкөбүздүн тарыхындагы эң кайгылуу, бирок, ошол эле убакта эң маанилүү окуялардын бири. 2010-жылдын 7-апрели социалдык элдик ыңкылабы Кыргызстанды түп-тамырынан бери тазалап, жаңылануусу үчүн тарыхый шарт жаратты.
Ошентип, 7-апрелден кийинки күндөрдө коомчулук кылымга тете күндөрдү басып өттү. Ыңкылап жасалган 6 жыл ичинде дүйнөлүк коомчулук тарабынан ар кандай саясий баалар берилип келет. Мамлекетибиз чыныгы демократиялык жолго кадам жасоого муктаж. Ошондуктан, кыргыз мамлекетинин жалпы турпатын, маңызын, ички түзүлүшүн түп–тамырынан бери кайра жаңырар максаты туура келип олтурат.
Ал кездеги Кыргыз Республиканын Президенти К. Бакиев эл мүдөөсүн актаган жок, элдин үнүн кулагы укпай, көзү көрбөй, көкүрөгү таш болуп калды. Өткөндөн сабак албай, байлык болсо бийлик болот деген ишенич менен кландык, үй-бүлөлүк башкаруу режимине өттү. Адам укугу тебеленди. Чындыкты бетке айткандарды куугунтуктап, орду түбү менен жок кылганга чейин барышты. Элдин турмушу начарлап, мамлекеттик мүлктөрдү үй-бүлөсүнө менчиктештирүүгө бет алды.
Элдин чыдамы чексиз болбойт экен. Эркиндикти сүйгөн элдин келечегин ойлогон азаматтар элди бириктирип, өлүмгө баштарын сайып, акыр аягында кылмыштуу бийликке каршы, диктатурага каршы, адилетсиздикке каршы көтөрүлдү.
Ошол каргашалуу күнү Ала-Тоо аянтына эч ким кызмат үчүн, же байлык үчүн чыккан жок! Эч ким сыйлык алам деп чыккан жок! Көр оокат үчүн эч ким чыккан жок!
7-апрель күнү ал чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн майданга чыккан. Элге кызмат кылып, журтка жагымдуу өлкөгө керектүү болуу, ишеничти актоо – эбегейсиз бакыт, уулу дөөлөт экенин кийинки бийликке келгендер унутпашы керек. Эл башы болуу өтө оор жүк.
«Эр жүрөк азаматтарга таазим!» атуу көргөзмө 2 бөлүктөн турат:
1. «Эркиндик деп, эл деп башын сайгандар!”.
2. «Биздин мекен бир гана – Кыргызстан».
Көргөзмөгө китептер, фотодокументтер, газета-журналдык макалалар, эскерүүлөр коюлду.
Китеп-сүрөт көргөзмөдө көптөгөн китептер, газеталык публикациялар, биздин мекенибиз үчүн жанын, канын аябаган баатырларыбыздын сүрөттөрү, макалалар, арноо ырлары жайгаштырылды.
Бул көргөзмө кыргыз коомунун бүгүнкү тагдырына жана келечегине кайдыгер карабаган кыргызстандык атуулдарга, окурмандарга арналат.