Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Эрдиги эч качан унутулбайт

25 Авг 2017
2017-жылдын 7-августа А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Мезгилдик басма бөлүмүндө Советтер Союузунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдик көрсөткөн күнүнө 75 жыл, «Эрдиги эч качан унутулбайт» атуу календардык көргөзмө уюуштурулду.
Ч. Түлөбердиев 13.04.1922 жылы Талас областынын, Кара-Буура районунун, Чолпонбай айылында (мурунку Чымкент) кыштагында туулган. Улуу Ата мекендик согушка чейин өзү туулуп өскөн колхоздо иштеген. 1941-жылы декабрда Советтик Армияга чакырылып, 107-аткычтар дивизиясына катталган. 1942 жылы 160-аткычтар дивизиясынын 636-аткычтар полкунун 3-батальонунун 9-аткычтар ротасында согушка кирген.
Ошол эле жылы 5-августа Ч. Тулөбердиев кызмат өтөгөн батальонго Дондон өтүп, стратегиялык мааниси бар Селявный кыштагын ээлөө тапшырылган. Аны аткаруу үчүн 6-августа Ч.Тулөбердиев он жоокер менен Дондун батыш жээгине сүзүп чыгып, 100-120м бийиктиктеги Таскыл дөңсөөсүндөгү тынбай аткылап жаткан душман дзотуна өтө кыйынчылык менен жетип, өзү жарадар болсо да денеси менен дзоттун амбразурасын жапкан. Натыйжада полктун жоокерлери Селявный кыштагын ээлеген. Ч. Тулөбердиев 636-полктун өздүк курамынын тизмесине түбөлүккө катталган. Таскыл дөнсөөсүнө жана өз айылына эстелик орнотулган. Кара-Буура районундагы өзү туулуп өскөн айылга, мектепке жана көчөгө ысымы ыйгарылган. 2007жылы 7 майда музейи түзүлгөн. Бишкек шаарындагы бир көчө Ч. Түлөбердиевдин ысымынан аталып, Жаш Гвардия бульварындагы «Баатырлар Аллеясына» бюсту коюлган. Воронеж областынын Давыдовка, Селявное айылындагы мектептерге ысымы ыйгарылган. Баатыр жөнүндө ырлар, китептер чыгып, түркмөн композитору Ч. Нурымов балет жазган. Советтер Союзунун Баатыры, Ленин орденини ээси Ч. Түлөбердиевдин эрдиги эч качан унутулбайт.
Бул көргөзмөгө китептер, газета – журналдан алынган макалалар коюлду: “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо”, “Ош шамы”, “ Вечерный Бишкек”, “Слово Кыргызстана”,“Замандаш”,“Жетиген”,“Кыргызстан” энциклопедиясы, “Советтер Союзунун Баатырлары” жана башкалар.
Дареги: Бишкек ш, Ю. Абдырахманов көч 208. Кыргыз Республикасынын А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасын Мезгилдик Басма бөлүмү. Тел. 30-46-83