2025-жылдын 28-июнунда А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө тарых илимдеринин доктору, «Этнограф жана кыргыз таануучу С.М.Абрамзонго 120 жыл» деген темада китеп көргөзмөсү уюштурулуп, ага илимпоздун эмгектери жана ал жөнүндө маалыматтар жайгаштырылды.
Бүткүл илимий чыгармачылык өмүрүн кыргыз этнографиясын изилдөөгө арнаган белгилүү советтик окумуштуу, түрколог, этнограф С.М.Абрамзон (1905-1977) Орлов губерниясында туулган. Мектепти бүтүп, Ленинград мамлекеттик университетинин география факультетинин этнография бөлүмүн 1926-жылы аяктаган. 1926-1931-жылдары Кыргызстанда эмгектенип, аймак таануу музейинин директору болуп эмгектенген. Эл агартуу комиссариятына караштуу Маданий курулуш илим-изилдөө институтунун директору болгон.1953-1955-жылдары этнографиялык экспедицияларды уюштуруп, кыргыздардын тарыхын, маданиятын, үрп-адатын о.э. «Манас» эпосун изилдеп, эпостун этнографиялык булак катары баалуулугун белгилеп кеткен. 100дөн ашык илимий эмгектерди жараткан. Көп жылдык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында «Кыргыз элинин маданиятынын очерки» (1949), «Түндүк Кыргызстандагы кыргыздардын этностук курамы» (1960), «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык жана тарыхый — маданий байланыштары» (1971), «Баатырдык «Манас» эпосу кыргыз маданиятынын эстелиги» ж.б. көптөгөн эмгектерди жазган. Ал кыргыз этнографиясына ири салым кошкон чоң аалым, ак ниет адис, жаш окумуштуулардын насаатчысы болгон. Ардак белгиси ордени, медалдар менен сыйланган.