А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 2019- жылдын 11- апрелинде филолог, тарыхчы, этнограф, географ катары таанылган энциклопедист Махмуд Кашкаринин 990 жылыдгына карата китеп көргөзмөсү окурмандарга тартууланат.
Дүйнөлүк мааниге ээ Түрк тилдеринин сөздүгүнүн “Дивани лугат ат түрк” автору- Махмуд Кашкари. Ал 1029- 1030- жылдары Ысык-Көлдүн жээгиндеги байыркы Барскоон калаасында туулган. Кашар жана Багдад калааларында билим алып, түрк тайпалары жашаган жерлерди кыдырып, алардын тилин, турмуш- тиричилигин, каада-салтын, ой-санаасын, тарыхын жакшы билип, өздөштүрүп, илим үчүн эң керектүү материалдарды жыйнап, Багдад окумуштуусу Халал бир Ахмеддин “Китаб ул-айни” деген эмгегинин үлгүсүндө түрк тилинин алгачкы сөздүгүн түзүүгө бел байланат. Эмгектин жаралышы тууралуу Махмуд Кашкари төмөндөгүдөй ой бөлүшөт: “… өзүм анык таза тилде сүйлөгөн жана теги боюнча эң биринчи орунда турган түрк тукумунан чыксам да түрктөрдүн ою-тоосун, түзү- талаасын нукум жерин калтырбай, айыл артынан айыл калтырбай кыдырып чыктым. Мен түрктөрдүн, түркмөндөрдүн, огуздардын, чигилдердин, ягмалардын, кыргыздардын уйкаштыкка келтирилген жандуу сөздөрүн акылыма түйдүм.Ушул түрдө өтө узак изилдегенден кийин жана изденүүдөн кийин мына бул китепти эң жатык тилде, барып турган көркөм үлгүдө жаздым”.
Сөздүктүн түп нускасы жоголуп кеткен, ошондуктан түркологдордун илимий таянычы, пикир айттырып жүргөн жападан жалгыз кол жазмасы 1266-жылдагы Дамаск (Шам) калаасынын жашоочусу Мухамед ибн Абу-Бекир ибн Абул-Фетихтин көчүрмөсү. Бул көчүрмө Стамбулдун китеп базарында табылган. “Сөздүктү” которууда, бастырууда жана таанытууда Килисли Рифат, К. Броккельман жана Бесим Аталайдын эмгектери зор. Ал эми кыргыз тилинде “Сөздүктүн” айрым үзүндүлөрүн Ж. Шериев, Ы. Кадыров, Толубаев М. ж.б. которушкан.
“Сөздүктүн” курамында 390дой макал-лакап, табышмак, ыр, учкул сөздөрдүн кездешиши аны поэтикалык-жыйнак чыгарма катары кабылдоого толук мүмкүндүк берет.
“Диван лугат ат түрк” эмгегинде камтылган поэтикалык тексттердин композициясын кайрадан түзүп чыккан соң аларды аскер, махабат, анакреонт, элегия, табият, адеп- аклактык, мифалогия жана турмуш –тиричилик сыяктуу не бир түркүн темаларга арналган, бир бүтүн чырмалышкан чыгарма деп кароого мүмкүндүк берет.
“Сөздүктө” “кыргыз” деген сөз бир нече жолу кездешкендиктен жана поэтикалык тесттер, тилдин лексикалык составы күбөлөп тургандан улам Махмуд Кашкар элибиздин арасында көбүрөөк болгонун байкоого болот. Ал “Хиргиз” деген бир урууга жолуктум, алар таруу, күрүч, төө этинен башка ургаачы кой, эчки жана башкалардын этин жешет. Алардын өздөрүнчө туткан жолдору, пикирлери жана сыйынчу жайлары бар, бир жылда бир нече майрамдары бар, белгилери көк, түштүк тарапты карап намаз окушат, алардын жерлеринде жырткыч айбанаттар өтө көп”. Демек, логикалык жактан алганда “Сөздүктө” жалпы түрк тилдүү элдердин ичинде кыргыздарга да түздөн түз тиешелүү экендиги өзүнөн өзү эле чыга келет.
Жыйынтыктаганда, көп жылдын үзүрү болгон “Сөздүк”- лингивистикалык, тарыхый, этнографиялык гана илимий булак эмес, түрк элинин адабий чоң эстелиги болуп саналат.
Кашкарлык Махмуд 1029-жылы туулуп, 1126-жылы 97 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Дареги: А. Осмонов атындагы КР УК 2- этаж № 57 каб. Тел: 30-46-79.