Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Философия илимдеринин доктору Асанбек Табалдиевдин 85 жылдыгына карата “Чыгаан публицист”атуу китеп көргөзмөсү

Философия илимдеринин доктору Асанбек Табалдиевдин 85 жылдыгына карата “Чыгаан публицист”атуу китеп көргөзмөсү
29 Янв 2020

А. Осмонов атындагы КР УК сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 2020-жылдын 30- январында философия илимдеринин доктору Асанбек Табалдиевдин туулган күнүнүн 85 жылдыгына карата “Чыгаан публицист”атуу китеп көргөзмөсү уюштурулат.

Асанбек Табалдиев 1935-жылы 25- январда Нарын областынын Тянь-Шань районунун Жерге-Тал айылында жарыка келген.
Белгилүү окумуштуу-философ, социолог, публицист, педагог, философия илимдеринин доктору, Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, 1974-жылы Кыргыз ССР Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, 1957-жылы КМУнун тарых факультетин бүткөн. 1957-1974-жылдары КМУда окутуучу, кафедра башчысы, 1974-1975-жылдары Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакторунун орун басары, башкы редактору болуп иштеген. 1966-жылы Кыргызстанда алгачкылардан болуп социоалдык лабораториялык борбор ачкан. А. Табалдиевдин 1962-жылы “Жаңы адам жана бош убакыт”, “Кыргызстандын жаштары коммунисттик эмгек үчүн күрөштө”, 1965-жылы “Баатырлар сымбаты”атуу тарыхый-публицистикалык очерки жана “Салт жөнүндө ой”, 1966-жылы “Менин Республикам,” 1970-жылы “Сүйүүдөн турмуш жаралат” атуу эмгектери басмадан чыккан. 1972-жылы “XXIV съезд жана Лениндик улут саясатынын салтанаты” аталган эмгеги окурмандарга тартууланган. 1979-жылы “Октябрга эстелик” публицистикалык адабий сын макалалардан турган китеби чыккан. Эмгектери негизинен улуттук мамилелер жана социоалдык изилдөөлөргө багытталган. Мурастары кыргыз социоалдык профессионалдык философиясынын теориялык жана практикалык казынасын өзгөчө байыткан. 100дөн ашуун илимий эмгектин, 9 китептин автору. 1990-жылдары бир катар интеллектуалдар үчүн (жазуучулар жана тарыхчылар) А. Табалдиев атындагы сыйлык белгиленген. Ысымы өзү туулуп өскөн айылындагы орто мектебке, Ж.. Баласагын атындагы КУУнун илимий китепканасына жана Бишкек шаарынын бир көчөсүнө ыйгарылган.

Асанбек Табалдиев бар болгону кырк жаш өмүр сүрсө да (1935-1975) жалындуу ойчул публицист катары кыргыз адабиятынын тарыхынан өзүнүн тийиштүү ордун ээлөөгө толук арзый тургандай эмгек калтырды.

Бул китеп көргөзмөгө анын өмүр баяны, ар жылдарда басылып чыккан эмгектери, ал жөнүндө жазылган газета –жырналдагы статьялар жайгаштырылды.

Дареги: А. Осмонов атындагы КР УК
2-этаж №57 каб. Тел: 30-46-79.