Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

ГҮЛҮ КЕРИМБАЕВАНЫН «АК-ЖОЛУМДУН АЙДЫҢ КЕЧТЕРИ» КИТЕБИНИН БЕТ АЧЫЛЫШЫНА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА

ГҮЛҮ КЕРИМБАЕВАНЫН «АК-ЖОЛУМДУН АЙДЫҢ КЕЧТЕРИ» КИТЕБИНИН БЕТ АЧЫЛЫШЫНА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА
29 Май 2024

2024-жылы 29-майда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, Рыспай Абдыкадыров атындагы ордендин ээси Гүлү Керимбаеванын «Ак-жолумдун айдың кечтери» китебинин бет ачылышына арналган иш-чара болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жазуучулар жана журналистер союзунун мүчөсү, Кыргыз эл акыны, республикалык Молдо Нияз адабий сыйлыгынын лауреаты, акын-жазуучу Тазагүл Закирова, Москвадагы эл аралык Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыктын лауреаты, Москва кайрыктары коомунун жетекчиси, калемгер Саалы кызы Бактыгүл, КР жазуучулар союзунун мүчөсү Кайрыктар казынасынын ардагери, акын- жазуучу Жыргал Шералиев. Өктөм Мамаева жана кыргыз маданиятына, адабиятына өз салымын кошуп келген күйөрман атуулдарыбыздын катышуусунда өттү.