Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Хеклберри Финндин жоруктары” жана “Журналистиканын негиздери” аттуу китептердин бет чаар аземи

08 Июл 2011
Китептердин бет ачаар аземин КР Улуттук китепканасынын директору, профессор Бакашова Жылдыз кириш сөз сүйлөп ачып, Өкмөт аппаратынын Билим берүү жана маданият бөлүмүнүн башчысы Бекбоев Аскарбекке сөз берди. Анан Жогорку Кеңештин билим жана илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат комитетинин төрайымы Жолдошова Жылдыз маданият боюнча сөз козгоп Жазуучулар Союзу мындан ары Өкмөттүк камкордукка алынып жазылып чыккан китептерин мамлекет тарабынан окурмандарга таратып берүү боюнча омоктуу ойлорун айтып берүү менен бирге балдар үчүн китептердин мааниси, таасири аба менен күн, суудай зарыл экенин түшүндүрдү.
АКШ элчилигинин маданият жана билим берүү боюнча кеңешчиси Кимберли Мак Дональд” балдар үчүн арналган” Хеклберри Финндин жоруктары”, “Том Сойердин жоруктары” жана ”Журналистиканын негиздери” аттуу китептер белгилүү жазуучу Турусбек Мадылбайдын которуусунда жарык көрүүсү менен жеткинчектердин, өспүрүмдөрдүн байоо дүйнөсүн нурдантып, руханий жактан азыктанышына толугу менен ишенемин деди.Бул китептер 1500 нуска менен мектептерге, китепканаларга таратылаарын айтты.Ошону менен Улуттук китепкананын директору Бакашовага жана жамаатына терең ыраазычылыгын билдирди.
Билим берүү министринин биринчи орун басары Сооронкулов бул китептер которуу программасынын алкагында басылып, бул программанын максаты — китептердин басып чыгаруу демилгелери аркылуу маданияттын жана билим берүүнүн өнүгүшүнө көмөк көрсөтүп балдардын адабиятынын мамлекеттик тилде басып чыгарууга өзгөчө көңүл бураарын айтты.Ошондой эле балдардын дүйнө таанымын кеңейтүүдө жаныбарлар менен адамдын окшоштугун кандайдыр бир кичинекей эпизоддор аркылуу баяндалып жылуу, кызыктуу маанай тартуулоо менен окуучулардын турмуштук пайдубалын түптөөдө мааниси зор экенин айгинеледи.
Маданият жана маалымат министрлигинин атынан Моңолбаева Айгүл Амановна жогоруда аталган китептердин ичиндеги каармандар балдардын кан — тамырлары аркылуу бүт организмине тарап, сиңип, көркөм адабият менен чыныгы турмуштун айырмасын салыштырууда көптөгөн сабак аларына ынанамын деген оюн билдирүү менен Улуттук китепканага ийгилик каалады.
Бул иш — чарага акын — жазуучулар, журналисттер,билим берүү тармагынан атайын адистер,окумуштуулар,”Алтын уя” жана SOS балдар үйүнүн балдары катышышты., аягында ММКнын өкүлдөрү интервью алып, сүрөткө түшүшүп кызыктуу маектешүүлөрдү жаратты.