Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

ИФЛА — эл аралык конгресси

11 Сен 2012
Бакашова Жылдыз Кемеловна

Улуттук китепкананын директору, Кыргыз Республикасынын Коомдук китепканалар Ассоциациясынын президенти, ф.и.д., профессор

Кыргызстандык китепканачылар ИФЛА-2012 Конгрессинде
Кыргызстан 2012-жылдын 10-20-августунда акыркы 4 жылдан бери биринчи жолу Финляндиянын Хельсинки шаарында (ИФЛАнын) Китепканалык ассоциациялардын жана мекемелердин эл аралык федерациясынын 78-генералдык конференциясына жана ассамблеясына катышты. Быйылкы жылдын темасы “Бүгүнкү күндөгү китепканалар! – Шыктандыруу, таң калтыруу, колдоо көрсөтүү” деп аталды.
Китепканалык ассоциациялардын жана мекемелердин эл аралык федерациясы (ИФЛА) дүйнөдөгү 150дөн ашык өлкөдөгү китепканалык жана информациялык кызматтардын, жана аларды пайдалануучулардын кызыкчылыктарын коргоочу жана азыркы учурда 1500дөн ашык китепканалык ассоциацияларды, китепканаларды, информациялык борборлорду жана китепкана жана информатика ишиндеги профессионалдарды бириктирген белгилүү эл аралык уюм. ИФЛАнын жардамы менен дүйнөлүк китепканалар жамааты өзүнүн максаттарын аныктайт, кызыкчылыктарын коргойт, жалпы проблемаларды чечүүнүн жолдорун табат.
Быйылкы ИФЛАнынын Форумуна Кыргызстандан Улуттук китепканадан тышкары Ош областтык китепканасынын директору Бактыгул Мырзаева жана Тон райондук китепканасынын директору Гуля Мукашева катышышты.
Хельсинки – бул маданияттын гана эмес, меценат дагы шаар. Шаардын Маданият департаменти маданий мекемелер, анын ичинде китепканалар үчүн дотация жана грант түрүндө жыл сайын 20 млн. евродон ашык акча берет экен. Китепканалары Хелмет деп аталган тармакка бириктирилген жана алардын жалпы тармактык тейлөө системасы бар, эрежелери жана төлөөчү акылары да бирдей.
Финляндиянын китепканаларынын ичинен өзгөчө айырмаланып турган “Китепкана 10” деген өлкөдөгү заманбап музыкалык китепкананы белгилеп кетсе болот. Бул китепканада үн жазчу студия бар, ал студияда музыкалык аспаптарды пайдаланса, музыка жаздырса, вокалдык номерлерди жаздырса, ал тургай видеоролик тартса да болот. Stage деп аталган жери аткаруучулар жана көргөзмө уюштуруучулар үчүн дайыма ачык, ошондой эле музыканын чоң коллекциясы бар, кинематография, эсептөөчү техника, туризм боюнча адабияттар, комикстер бар, аларды үйгө алса болот. Окуу залында гезиттер менен журналдар абдан ар түрдүү жана көп.
Хельсинкидеги ИФЛАнын Форуму – бул идеяларды жана тажрыйбаларды алмашуу, эл аралык кызматташууну өнүктүрүү, китепкана ишинин жана информациялык тейлөөнүн бардык тармактарында изилдөөлөрдү жүргүзүү жана иштеп чыгууларды аткаруу үчүн уникалдуу форум болду десем жанылышпайм.
Форумдагы Пленардык кеңешмеде китепканалык-информациялык кызмат көрсөтүүнүн бирдей стандарттарын иштеп чыгуу жана таратуу, бул кызмат көрсөтүү жогорку сапатта болушу маанилүү экендигин жалпы моюнга алууга көмөк көрсөтүү, бүткүл дүйнөдө китепканачылардын кызыкчылыктарын коргоо, эл аралык деңгээлде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, универсалдуу, башкача айтканда, кайсы өлкөдө да пайдаланса боло турган жана китепканалык тейлөөнүн деңгээлин жана сапатын эл аралык стандарттарга ылайык жогорулата турган, китепканаларга пайдасы тийиши мүмкүн болгон долбоорлорду ишке ашыруу жонундо ото кызыктуу докладдар болду. Пленардык кеңешмеден кийин презентацияларды талкуулоого жана катышуучулардын “инклюзивдик китепканалар – биздин китепканалардын трансформациясы, биздин коомдун трансформациясы” деген маселе боюнча сунуштарын талкуулоого арналган көптөгөн тегерек үстөлдөр өткөрүлдү.
Талкууланган негизги проблемалардын бири Интернеттен эркин алына турган электрондук ресурстарга кантип китепканалар аркылуу окурмандарды тартуунун жолдору болду. Улуу Британиялык жана АКШлык адистердин докладдарында айтылгандай, компьютер менен гана иштеген жаңы муундагы адамдарга таандык информация издөө психологиясы чоң мааниге ээ. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, азыркы пайдалануучулардын көпчүлүгү Интернеттен маалымат издегенде, суроо жибергенде биринчи бетте чыккан сайттардагы шилтемелер менен эле чектелишип, андан аркы барактарды карашпайт. Ошондуктан китепканалар информациялык чөйрөдөн маалыматты тереңирээк изилдөөнүн жана ошондой эле китепканалык ресурстарды издөөнү жөнөкөйлөштүрүүгө мүмкүндүк берүүчү жолдору жөнүндө ойлоштурушу керек.
Бул Форумдан мен Кыргызстандын китепканалары дүйнөлүк бардык китепканалардын тренддеринин нугунда экендигибизге ишенип келдим, ал тургай бизде айрым маселелер боюнча артыкчылыктуу тажрыйбаларыбыз бар экен. Ал эми жасалган докладдардын деңгээлдери ар кандай болду, жада калса бир өлкөнүн өкүлдөрү китеп сактоочу жайды модернизация жасаш учун китепкананын бул болумун кандайча жабышканы жөнүндө айтышты. Модернизацияны сактоочу жайды жаппай туруп эле жасаса болот, алардыкы дүйнөдө болуп көрбөгөндөй тажрыйба экен деп тангалдык.
Бирок ИФЛАда үйрөнүүчү нерселер да болду. Биздин китепканачылар китепкананын азыркы чөйрөдөгү ролу жана функциялары жөнүндө угушса пайдасы болоор эле, анткени бизде окурмандардын келиши жагынан маселе татаал. Ааламдаштыруунун ото чон таасири болуп жатканы баардыгыбызга белгилүү, китепкананын ролу жана функциясы өзгөрүп жатат. Эл китепканага азыраак бара баштады, бирок Батышта бул маселеге бизге караганда азыраак тынчсызданышат экен. Чет өлкөдө китепкананын ишине эмоциялуу эмес, ишмердик мамиле таралыптыр, бизде болсо маркетингдик стратегия жөнүндө айтсаң чочуп кетишет. Чындыгында чет өлкөдө колдонууга киргизип жаткандардын баары тең эле бизде да колдонулуп жатат.
Университеттердин китепканаларынын өкүлдөрү илимий изилдөөлөргө жана билим алууга кандай жардам беришээрин айтышты. Коомдук китепканалардын өкүлдөрү болсо балдарды китеп окуганга кандай кызыктырышаарын, мигранттардын социалдашуусуна кандай жардамдашаарын жана маданий мурастарды кандай сактап жатышканын айтып беришти. Дагы бир кызык нерсе: конференциянын айрым катышуучулары өздөрүнүн студенттери менен келишиптир, бул ишти үйрөнүүгө абдан жардам берет, китепканачынын кесибинин баркын жогорулатат эмеспи.
Конгрессте дагы бир маселе белгилүү болду: биз китепкана тармагын өнүктүрүү жөнүндө сөз кылганда, китепканаларды типтерге бөлүштүрбөйбүз да. Батышта болсо, улуттук китепканадан академиялык китепканада аткарылчу иштерди талап кылбаш керектигин, ал эми академиялык китепканадан болсо улуттук китепкана аткаруучу иштерди талап кылууга болбостугун абдан мыкты түшүнүшөт экен. Менеджмент жана маркетинг боюнча сектордо стратегиялык пландоо жөнүндө абдан жакшы айтылды, бизде тармактын деңгээлинде да, китепканалардын деңгээлинде да стратегиялык пландоо деген жок да. Азыркы мезгилде биздин тармак (жана конкреттүү ар бир китепкана) кайда баратат? Миссиябыз кандай? Бул жөнүндө биз терен ойлоно турган маселе.
Форумда катышкандардын сөздөрүн угуп жана анализдеп отуруп, коомдо китепканага барууга болгон кызыкчылык мурдагыдай болбой, сууп бараткан экен деген жыйынтыкка келесиң. Азыркы заман информацияны алуу үчүн Интернетти тандап алды. Бул глобалдык көрүнүш экенин, бул проблема көз көрүнөө экенин жана катастрофа эмес экенин түшүнүш керек. Китепканалардын кагаз жүзүндөгү коллекцияларын жана фонддорун эл арасында популярдаштыруу, бул ишке мамлекеттик уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана дүйнөлүк бизнес-жамааттын өкүлдөрүн тартуу менен макулдашылган, биргелешкен күч-аракет (атайын программаларды иштеп чыгуу) керек экендиги баса белгиленди.
Конгрессте адабияттарды кеңири цифралаштыруу менен “Элдин бардык катмарларына информацияны кенен алууга мүмкүндүк берели” деген чакырык да ураан катары болду. Ал эми бул болсо автордук укук проблемалары менен тыгыз байланышта болуучу маселе.
“Улуттук китепканалар жана ачык маалыматтар” деген семинар абдан кызыктуу болду. Мени башкаруу маселеси жөнүндө айтылган иш-чаралар көбүрөөк кызыктырды. Быйылкы жылы сессиялык ачык жыйналышта менеджменттин инновациялык жана практикалык ыкмаларына акцент жасалды.
ИФЛАнын 78-генералдык ассамблеясындагы “Азыркы учурдагы китепкана – жигерденүүнүн жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн кереметтүү булагы” деген көргөзмө менен да кызыгып тааныштык. Дүйнөдө окурмандар жана пайдалануучулар үчүн күрөш жүрүп жатат, алар болсо цифралык ресурстарга жана Интернетке көбүрөөк ыктап жатышат. Ошондуктан китепканалар Интернет менен атаандаштыкта артта калбоо жана коомдогу өзүнүн таасирин жоготпоо үчүн жаңы технологияларды активдүү пайдаланышы керектигине көргөзмөдө дагы бир жолу ынандык.
ИФЛАнын жыл сайынкы форуму – абдан маанилуу иш. Анын жакшы жагы – кесиптик жолугушуунун жана информация алмашуунун жогорку деңгээлин бере алгандыгында, кесиптин өзгөчөлүгүн сезүүгө мүмкүндүк бергендигинде.
Конгрессти жыйынтыктап жатып, ИФЛАнын Улуттук комитети делегаттарга буларды жарыялады:
“ИФЛАнын конгресси эл аралык китепканалар жамааты жана маалыматтык кызмат көрсөтүү сектору үчүн эң чоң кесиптик окуя болду, анткени бул бүткүл дүйнөдөгү китепканалык жана информациялык тейлөө кызматкерлери үчүн тажрыйба алмашуу, кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн платформа болуп калды”.
Сингапур Улуттук китепканалар кенешинин башкы директору Элейн Нг ИФЛА-2013 Дүйнөлүк Конгрессинин төрайымы болуп шайланып, эмдиги Форум Сингапурда
өтмөй болду.