Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Ильгиз Гилязетдинов 80 жашта

02 Фев 2018

2018-жылдын 26-январында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, жазуучу, акын, публицист жана котормочу Ильгиз Гилязетдиновдун 80 жылдыгына арналган
“…Ар-намыс үчүн тик турган,
Аксынын менмин кулуну…” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана жолугушуу кечеси өткөрүлдү.
Көргөзмөдө И. Гилязетдиновдун китептери, газета-журналдык публикациялар, фотодокументтер, ал жөнүндө жазылган макалалар орун алган.
Көргөзмөнүн ачылышына: Кыргыз эл жазуучусу А.Жакшылыков, М.Абакиров, К.Ашымбаев, Ш.Абдылдаев, А.Өмүрканов, Р.Рыскулов, Т.Нурманбетов, сүрөтчү А.Турсункулов, коомдук ишмер Т.Ишемкулов, жазуучу К.М.. Шадыбеков, профессор Т.Эсенгелдиев, акын И. Гилязетдинов, Т.Темиров, Ж.Дүйшөбаев, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Бул иш чараны Улуттук китепкана директору Ж. Бакашова кириш сөз менен ачты. Ал төмөнкүлөргө токтолду.
80 жылдык торколуу тоюн белгилеп жаткан кыргыз көркөм адабиятынан өзүнүн салмактуу ордун ээлеп тургандардын бири, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, акын, публицист жана котормочу Ильгиз Гилязетдиновдун татыктуу таланттардын бири экенине бүгүн баарыбыз күбө болуп отурабыз.
Анын алгачкы адабий чыгармачылыгы мектепте 6-класста окуп жургөн мезгилинде башталып, чыгармалары республикалык, областтык, райондук газеталарга жарыяланган. Студент кезинде айрым бир аңгеме-ырлары мезгилдүү басма сөз беттерине жана “Тартуу”, “Жалын” аттуу жыйнактарга басылган.
Бир кездеги элге өтө белгилүү болгон “Сатиралык толкунда саякат”, “Жаштар үнү”, “Ыр канатында”, “Кутмандуу күнүңүздөр менен” сыяктуу радиожурналдардын уюштурулушу жана сүймөнчүлүккө жетиши дал ушул инсандын ысымы менен байланыштуу. Ал мындан сырткары ондогон радиоочерктерди, инсценировкаларды жана постановкаларды да уюштуруп, көбү азырга чейин фондуда сакталуу.
Сөз кыргыз эл акындары А.Өмүркановго, Р.Рыскуловго, жазуучу К.Шадыбековго, профессор Ж.Эсенгелдиевге, акын Т.Нурманбетовго, коомдук ишмер Т.Ишемкуловго, “Эркин-Тоо” газетасынын редакторунун орун басары Т.Темировдорго берилип, алар И.Гилязетдиновдун чыгармачылыгына кеңири токтолушуп, анын аңгеме, ырлары, макалалары, публицистикалары, газета-журналдарга үзгүлтүксүз жарыяланып келгендигин айтышты. Т.Нурманбетов, Р Рыскуловдор өзүнүн И.Гилязетдиновго арнаган ырларынан көркөм окуп беришти.
“Ардакгуу адам”, “Кулунчак”, “Сиздин таанышыңыз эмеспи”, “Шапата”, “Ырларымда жан сырым”, “Мекендин чыныгы уулу”, “Кыргыздын баш багбаны”, “Күрдөөл” аттуу ыр жыйнактар автордун калемине таандык.
Жазуучу котормо жаатында да жигердүү эмгектенип А. Кунанбаевдин “Накыл сөздөрүн”, А. И. Буниндин “Кыштак”, С. Маршактын “Мунар-мунарча”, Софоклдин “Антигона”, Н. Басовдун “Жолборс баяны”, Р. Мустафиндин “Абышка менен ажал”, Г. Губайдын “Маякчынын кызы” аттуу аңгеме-повесттерин, драмаларын которгон.
Орус классиктери А. Чеховдун, Л. Толстойдун жана башка боордош элдердин акын- жазуучулары М. Жалилдин, М. Танктын, Р. Гамзатовдук, К. Кулиевдин, М. Каримдин, Ж. Икраминдин, Р. Кутуйдун, Н. Хубиевдин, И. Рустамбековдун, Ч. Ашировдун, Ф. Исангуловдун, Д. Буляковдун, Я Шивазанын, С. Сияевдин жана башка акын-жазуучулардын ырларын, прозалык чыгармаларын которуп кыргыз окурмандарына тартуулаган.
И. Гилязетдинов татар элинин “Эдигей”, хакастардын “Маадай кара” аттуу эпосторунун айрым бир главаларын жана бир нече фильмдерди да кыргызчалаган.
Акындын “Жүрөктү кетпе жаралап”, “Өчүрбөчү сүйүү жалынын”, “Өзүңдү эстеп”, “Жүрөгүм согот кайталап” деген ырларына кыргыздын белгилүү композиторлору, обончулары обон жаратышып, радионун алтын фондусуна жазылып калган.
Акындын бир катар чыгармалары орус, казак, татар, өзбек тилдерине да которулган.
“Нурборбор” академиясынын алдындагы “Жаңы толкун” адабий клубунун жаш акыны М.Жайлообекова “Ачык болбой”, “Бир кезде” аттуу ырларынан көркөм окуп берди. Төкмө акын Шекербек Адылов И.Гилязетдиновдун эмгегин баалап, акын агасын даңазалап, даңктап кыргыз эли менен аман-эсен чыгармаларыңызды жаратып жүрө бериңиз деди. Акындын “Буюккан кайран жылдыздар” , “Атама” аттуу обондуу ырларынан аткарып беришти.
Сиз мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкер, коомдук ишмер катары да чоң эмгек сиңирдиңиз. Сиздин түздөн-түз насаатыңыз менен өсүп чыккан көптөгөн шакирттериңиз бар, ал эми чыгармаларыңызды үлгү катары үйрөнүп, өздөрүн окуучуларыңыз катары эсептеген калемгерлер андан көп.
Ушунча жылдык өмүрдө табигаттан берилген талантыңыз, талыкпаган мээнетиңиз менен ар кыл темада, жанрда жазган макалаларыңыз, куйкумдуу фельетон, кемчиликтерди безе сайган сатираларыңыз менен элибиздин окурмандарынын сүймөнчүлүгүнө татыдыңыз.
Сизди 80 жаш мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктап, чың ден соолук, бакты-таалай жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
Иш чара катышуучулар тарабынан жылуу кабыл алынып, жакшы маанайда өткөрүлдү.