Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Илимпоз- агартуучу Тойчу Актановго 105 жыл.

03 Фев 2015
2015- жылдын 2- февралында КР Улуттук китепканасынын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн залында илимпоз- агартуучу Тойчу Актановдун 105 жылдыгыны арналган китеп көргөзмөсү болот.
Актанов Тойчу Кулунтай уулу (1910- 1942) Чүй областынын Аламүдүн районундагы Кашка-Суу айлында туулган. Өз айылында башталгыч мектепти, андан кийин Пишпектеги №6 орус мектепти бүтүргөн.1927-1930- жылдары Ташкент педагогика окуу жайынан билим алат. 1938-1941-жылдары Пишпектеги педтехникумда окутуучу болуп эмгектенген, илимий иштерин жүргүзүп, “Кыргызстан” басмасынын редактору да болгон. Т. Актанов 1930- жылдары ошол учурларда өтө зарыл болгон бир катар китептерди, окуу китептерди жазган. Башталгыч класстын окуучулары үчүн Т. Актанов, К. Каримов жана А. Кошоев 1937-жылы “Алиппени” жазып чыгарган. Ал 1940-жылга чейин окутулган. Республика жаңы алфавитке өткөндүгүнө байланыштуу Т. Актанов менен Н. Абрамов орус алфавитинин негизинде жаңы “Алиппени” түзүшкөн. Бул туруктуу окуу китеби 1953-жылга чейин пайдаланылган. Т. Актанов 1940-жылы педагогикалык окуу жайларына арнап алгач ирет “Кыргыз тилинин синтаксисин” жазган.”Кыргыз тилинин окуу китеби” деген аталышта 1938-жылы жарык көгөн эмгеги дагы да иштелип чыгып, эки томдуктун биринчи бөлүгү иретинде 1939, 1940, 1943, 1944, 1945-жылдары кайра басылган. Ошентип, окумуштуунун өмүрүн китептери улантты.1940-жылы “Грамматика, Синтаксис”деген экинчи бөлүмү басмадан чыккан. Т. Актанов 1937-жылы башталгыч мектептер үчүн кыргыз тилинин программасын, 1938-жылы “Башталгыч, толук эмес орто жана орто орус мектептери үчүн кыргыз тилинин программасын түзгөн. 1939-жылы орус мектептеринин 5-6-7-класстарына арналган окуу китептери басылып чыкан. И.А. Батманов менен бирдикте орус тилдүү адамдар үчүн кыргыз тилинин башталгыч окуу китептерин (1936, 1938) түзүлгөн.
Т. Актанов биринчилерден болуп окутуунун педагогикалык ыкмаларын жазып, мектептерге киргизген.
Т.Актонов 32-жашында 1941-жылыдын аягында Кара-Балтада аскердик даярдыктан өткөн. 1942-жылдын башында Воронежге жиберилет. Атаганат, аскердик өмүрү кыска экен, февраль айында согуш талаасында көз жумат.
Кашка-Суу айылынын орто мектебине Т. Актановдун ысмы колган.
Көргөзмөгө Т. Актановдун өмүрү, чыгармачылыгы туралуу китептер,
газетадан алынган статьялар, макалалар коюлду.
Дареги: Бишкек, Ю. Абдрахманов көчөсү, 208.
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы.
Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө балуу басылмалар бөлүмү. Тел. 30-46-79.