Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

июнь айындагы каргашалуу окуялардын 2 жылдыгы

09 Июн 2012

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында «Республиканын түштүгүндө 2010-жылдын июнь айындагы каргашалуу окуялардын 2 жылдыгы» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулган.

Кыргыз Республикасынын түштүгүндө 2010-жылдын 10-14-июнь күндөрү Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн көптөгөн адам өмүрлөрү жана жабыр тарткан масштабдуу үй-жайларды, имараттарды өрттөөлөр, талап-тоноочулук өңдүү каргашалуу окуялар менен коштолгон чоң жаңжал чыккан. Жаңжал 10-14-июнда массалык түрдө Ошто от алып, 12-13-июнда кайрадан Жалал-Абад областында өрчүгөн.

Бул жаңжалдын кесепети абдан оор болду. Ал 426 адамдын өмүрүн алып кетти, 1930 жарандын ден соолугуна залал келтирилди, анын ичинен 925и ок атуудан жабыркагандар, жалпысынан 4 млд сомго жакын материалдык чыгым тарттырды.

Республика түштүгүндө өткөн кандуу кагылыштын себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөөнү жүргүзүү үчүн Улуттук комиссия, Эл аралык комиссия, Парламенттик комиссиялар түзүлгөн. Ага депутаттар, коомдук ишмерлер, окумуштуулар, саясатчылар, укук коргоо жана коопсуздук тармагындагы эксперттер, укук коргоочу уюмдардын, жалпыга маалымат каражаттарынын, Кыргызстанда жашаган улуттук-маданий бирикмелердин өкүлдөрү кирген.

Бул комиссиялар кагылыштын себептерин жана кесепеттерин терең жана объективдүү иликтөө максатында республиканын түштүгүндө каргашалуу окуялар өткөн жерде конфликттин күбөлөрү менен жолугушуу өткөрүшкөн, көргөн-билген бардык жарандарды кабыл алышкан.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен 2010-жылдагы 10-июнь Ош жана Жалал-Абаддагы каргашалуу трагедиялуу окуяларды эскерүү күнү деп жарыяланды.

Өткөн эки жылдын ичинде Кыргызстанда тынчтыкты жана стабилдүүлүктү, улуттар аралык ынтымакты камсыз кылууга бардык аракеттер жасалып жаткандыгы белгиленүүдө.

Талкаланган турак жайлар, мекемелер, социалдык жана өндүрүш инфраструктура калыбына келтирилүүдө, заманбап жаңы үйлөр жана турак-жайлар куруу иштери жүргүзүлүүдө. Бүткүл Кыргызстан элин, өлкөнүн ар бир жаранын мамлекеттин бүтүндүгүн, ажырымсыздыгын бекемдөөнү колго алуу максаты коюлуп келатат.

Китеп-сүрөт көргөзмөдө китептер, газета-журналдар, публикациялар, интервьюлар, макалалар, ой-пикирлер орун алган.