Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“из доорунун жарчысы, туЈгуч романист”

09 Фев 2017
2017-жылдын 10-февралында саат 11.00дө Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын фойесинде 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында көрүнүктүү акын, прозаик жана котормочу Мукай Элебаевдин 110 жылдыгына карата – “Өз доорунун жарчысы, туңгуч романист” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы жана эскерүү кечеси өткөрүлөт.
Мукай Элебаевдин чыгармачылык жолу 1925-жылы башталган. Кыргыздын туңгуч газетасы «Эркин-Тоонун» № 6- санына «Зарыгам» аттуу ыры жарыяланган. Арман иретиндеги бул ырында ошол кездеги илим-билимге терең умтулган кыргыз жаштарынын ой-тилеги, үмүтү чагылдырылган.
Акындын 1930-жылга чейин жазган «Кедейлерге», «Тоо жаштарына», «Жар», «Октябрь», «Бай балдары», «Далайлар бар» деген ырлары тап душмандар менен элдин күрөшүүсүн, «Маданият жаңырды», «Фабрика», «Жаңы заман» аттуу ырларында жаңы маданиятты, заманды даңазалаган.
М. Элебаевдин 1931-жылы биринчи ырлар жыйнагы, «Узак жол» автобиографиялык романы (1936), «Кыйын кезең» аңгемеси, «Ырлардын толук жыйнагы» (1938) «Улуу марш» ырлар жыйнагы (1943) жана башка китептери басмадан басылып чыккан.
Согуш мезгилинде «Алыскы тоодон», «Соңку бир күн» деген аңгемелерин, «Ач көздөр» аттуу көп актылуу пьесаны жазган.
Ал А. С. Пушкиндин, Ч. Диккенстин, Н. В. Гогольдун, JI. Н. Толстойдун, С. Я. Маршактын, Д. А. Фурмановдун, Данилич-Кочиндин классикалык чыгармаларын кыргыз тилине которуп, 30-жылдарда котормо адабиятынын өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошкон.
1944-жылы 15-майда согушта баатырларча курман болгон, сөөгү Псков районун- да Понев тоосуна коюлган.
Анын элесин түбөлүккө калтыруу максатында Түп районунун Талды Суу айылындагы орто мектепке жана Базар-Коргон районундагы № 1 орто мектебине ысымы ыйгарылган.
Көргөзмө 2 бөлүктөн турат:
1. “Новатор акын, жазуучу жана котормочу”;
2. “Мукай Элебаевдин замандаштары”.
М. Элебаев жөнүндөгү маалыматтар, көптөгөн китептер, газета-журналдар, ал жөнүндө жазылган ар түрдүү экспозициялар көргөзмөдө орун алган.
Көргөзмөгө коомдук ишмерлер, акын, жазуучулар, маданият жана илимий кызматкерлер, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, М. Элебаевдин туугандары, жердештери катышышат.

Дареги: Бишкек ш.. Ю. Абдрахманов көч., 208
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы тел.: 30-50-57, 30-47-04