Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

из доорунун жарчысы, туЈгуч романист

14 Фев 2017
2017-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын фойесинде көрүнүктүү акын, прозаик жана котормочу Мукай Элебаевдин 110 жылдыгына карата “Өз доорунун жарчысы, туңгуч романист” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы жана эскерүү кечеси өткөрүлдү.
Көргөзмөгө кыргыз эл жазуучулары М.Байджиев, К.Ашымбаев, кыргыз эл акыны О.Султанов, философия илимдеринин доктору, профессор Ж.Каниметов, филология илимдеринин доктору. профессор О.Ибраимов, акын, адабиятчы О.Сооронов, профессор И.Болджурова, коомдук ишмерлер, акын, жазуучулар, маданият жана илимий кызматкерлер, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, М. Элебаевдин туугандары, жердештери катышышты.
Китеп-сүрөт көргөзмөсүн жана эскерүү кечесин Улуттук китепкана директору Ж.Бакашова кириш сөз менен ачты. Ал төмөнкүлөргө токтолду.
Мукай Элебаевдин калтырган мурастары адабият тармагында өзгөчө орунду ээлейт. Анын чыгармалары саналуу болсо да кыргыз проза жанрынын өнүгүшүндөгү башаты, көрөңгөсү болуп саналат.
Мукай Элебаевдин чыгармачылык жолу 1925-жылы башталган. Кыргыздын туңгуч газетасы «Эркин-Тоонун» № 6- санына «Зарыгам» аттуу ыры жарыяланган. Арман иретиндеги бул ырында ошол кездеги илим-билимге терең умтулган кыргыз жаштарынын ой-тилеги, үмүтү чагылдырылган.
Акындын 1930-жылга чейин жазган «Кедейлерге», «Тоо жаштарына», «Жар», «Октябрь», «Бай балдары», «Далайлар бар» деген ырлары тап душмандар менен элдин күрөшүүсүн, «Маданият жаңырды», «Фабрика», «Жаңы заман» аттуу ырларында жаңы маданиятты, заманды даңазалаган.
Сөз М. Байджиев, О.Султанов, О.Ибраимов, И.Болджуроваларга берилип, алар М. Элебаевдин басып өткөн жолу өтө катаал болгондугун, балалык чагынан жетим калып көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөндүгүн айтышып, эгерде согуш болбогондо кыргыз элине, адабият жанрында мыкты чыгармаларды жаратат эле аз да болсо ал поэтикалык жана прозалык чыгармаларын жазып калтырып кетти деп эскеришти.
Мукай көп кырдуу талант, ал чыгармаларындагы ар бир сөзүнө маани берип, сөз менен куюлуштуруп окурманды өзүнө тарта алган чыгармаларды жазган. Анын “Узак жол” романы, “Кыйын кезең” аңгемеси, “Алыскы тоодон” ж.б. чыгармалары көркөм чеберчилик менен жазылган. Мукай Элебаев өзүнүн билимин тереңдетип, чыгармачылык менен алпурушуп сөздүн маанисин мыкты түшүнгөн жазуучу болгон.
Ал 30-жылдарда котормо адабиятынын өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошкон.
А. С. Пушкиндин, Ч. Диккенстин, Н. В. Гоголдун, JI. Н. Толстойдун, С. Я. Маршактын, Д. А. Фурмановдун, Данилич-Кочиндин классикалык чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
1944-жылы 15-майда согушта баатырларча курман болгон, сөөгү Псков районун- да Понев тоосуна коюлган.
Анын элесин түбөлүккө калтыруу максатында Түп районунун Талды Суу айылындагы орто мектепке жана Базар-Коргон районундагы № 1 орто мектебине ысымы ыйгарылган. Бишкек шаарында көчөөгө ысымы ыйгарылган.
М. Элебаев жөнүндөгү маалыматтар, көптөгөн китептер, газета-журналдар, ал жөнүндө жазылган ар түрдүү экспозициялар көргөзмөдө орун алган.