Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

К 65 летию заслуженного учителя Кыргызской Республики Ж. Каниметова(На Кырг)

31 Мар 2015

2015-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Мезгилдүү басылмалар бөлүмүнүн залында коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин доктору, профессор Жангороз Каниметовдун туулган күнүнүн 65 жылдыгына арналган «Эмгегин элге арнаган илимпоз»  аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана “Жангороз Каниметов – коомдук ишмер, педагог, окумуштуу” аттуу  жаңы китебинин бет ачары өткөрүлдү.
Көргөзмөгө КР Баатыры М. Мамакеев, академиктер А. Какеев, Э. Мамбетакунов, коомдук ишмерлер С. Иманбаев, А. Абдулдаев, Т. Ишемкулов, Ж. Сааданбеков,Кыргыз эл жазуучусу К. Ашымбаев, Кыргыз эл акыны О. Султанов, К. Карасаев атындагы БГУнун ректору А. Мусаев, К. Кенжешов, К. Абдыкеримова мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, билим берүү кызматкерлери, студенттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Улуттук китепкана директору Ж. Бакашова китеп-сүрөт көргөзмөнү кириш сөз менен ачты. Ал төмөнкүлөргө токтолду.   
Ж. Каниметов Кыргызстандын билим берүү системасын жана анын ченемдик-укуктук актыларын ийне-жибине чейин жакшы билген, дасыккан, мыкты адистердин бири.
Жангороз Каниметов элине алымдуу, адамга жугумдуу, жумшак мүнөздүү, талыкпас изденгич, мыкты уюштургуч, иштерман саясатчы жана илимпоз инсан. Сөз КР Баатыры М. Мамакеевге берилип, ал Ж. Каниметов жөнүндө илим, билим тармагына өз салымын кошкон мыкты педагог, билим берүү ишин уюштуруу, аны жетектөөнү, билим берүү боюнча мыйзамдык базаларды иштеп чыгуу боюнча Кыргызстанда аттын кашкасындай белгилүү, сейрек адамдардын катарында турат. Эң жөнөкөй мугалимдиктен ошол нарктуулугунун аркасында колдоого алынып, депутаттык милдетти аркалаган.  Ж. Каниметов жөнүндө айта берсе сөз түгөнбөйт карапайым калктын арасында кадыр-баркы жогору, канчалык жогорку кызматтарды иштеп келсе дагы жөнөкөйлүк сапаттарын жоготкон эмес деп баса белгиледи.  
Бардык катышуучулар Ж. Каниметовдин  элге билим берүү тармагында  ат көтөргүс  эмгек кылгандыгын баалап, көптөгөн жакшы иштерди жасагандыгына токтолушту.                                                                 
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 1995–2000-жылдары Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы, 2000-2005-жылдары Билим берүү, илим жана маданият боюнча комитеттин төрагасы милдетин аткарган. 2004-жылы анын жетекчилиги менен «Ысык-Көл областынын экологиялык-экономикалык өнүгүшүнүн туруктуулугу жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.
Мугалимдердин эмгегин коргоодо 2000-жылы кабыл алынган «Мугалимдин статусу», «Билим берүү жөнүндө» (2003), «Жалпы билим берүү жөнүндө» (2009) моделдик мыйзамдардын автору. Бул мыйзамдар жалпы КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы үчүн үлгү-мыйзам катары кызмат кылууда.
Ж. Каниметов жөнөкөй айылдык мугалимден чыгаан саясий жана коомдук ишмерге, көрүнүктүү илимпозго чейин өсүп жетти. Ар дайым билим берүүгө күйүп, аны өркүндөтүү үчүн жан үрөп изденет, талыкпай иштейт. Ж. Каниметов – эл үчүн, мугалимдекр үчүн өмүр бою иштеген, коомдук активдүү кишилердин бири. 
Көргөзмөгө Ж. Каниметовдун илимий китептери, монографиялары, фотодокументтери, газета-журналдык материалдар, ал жөнүндөгү публикациялар, интервьюлар ж.б. коюлду.