Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

К 80-летию видного известного писателя О. Даникеева (На Кыргызском)

24 Фев 2015
2015-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде белгилүү прозаик, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Өскөн Даникеевдин 80 жылдыгына арналган «Көркөм сөздүн дыйканы, өрнөктүү бийик инсан»  аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.

Ө. Даникеев 1934-жылы 21-декабрда Сокулук районундагы Чоң-Жар айылында туулган. Ата-энесинен эрте ажырап, № 5 мектеп-интернаттан окуган. 1951–1956-жылдары Москвадагы тоо-кен институтун бүтүрүп, Кыргыз ССР эл чарба советинин көмүр өнөр жайы боюнча улуу инженер, Бишкектеги политехникалык институтунда улуу окутуучу, доцент, 1975–1977-жылдарда СССР жазуучулар союзунун Жогорку адабий курсун окуп, «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, союздун катчысы, жазуучулар союзунун башчысы болуп иштеген.
1961-жылы «Ала-Тоо» журналына «Бакир» аттуу повести басылып, ошондон бери анын чыгармалары басылып келатат.
Ө. Даникеев сөз зергери деген атакка жеткичке «Кыздын сыры», «Сыйкырдуу таш», «Өмүр белестери», «Кызыл аска», «Көз ирмемдеги өмүр», «Көкөй кести», «Мурас» аттуу бир нече мыкты аңгеме, повесть, романдарды жаратты.
Жазуучунун «Сердце матери», «Юный Кутуйан» деген чыгармалары орус тилинде жарык көргөн, ошодой эле «Кыздын сыры» повести француз тилине которулган.
Анын жазуу маданияты жана турмуштук бай тажрыйбасы менен айырмаланган «Көкөй кести» романы өз ордун таап мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болду.
Кыргыз прозасына жана педагогика тармагына кошкон эмгеги жогору бааланып, «Эл агартуунун отличниги», «Ардак Белгиси» ордени, медалдар, Ардак грамота менен сыйланган жана 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу деген ардактуу наам ыйгарылган.
Китеп-көргөзмөдө анын китептери, ал жөнүндө жазылган макалалар, газета-журналдык материалдар коюлду.
Көргөзмөнүн ачылышына мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, илим, билим жана маданият кызматкерлери, студенттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.