Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинде I Эл аралык форум өттү

К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинде I Эл аралык форум өттү
25 Апр 2025

Бүгүн, 25-апрелде К. Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинде «Санариптештирүү контекстинде китепкана билими» деген аталыштагы I Эл аралык форум өттү.

Форумду аталган университеттин Журналистика жана маалыматтык тутумдар факультетинин Социалдык маалыматтар жана документтештирүү кафедрасы уюштурган.


Форумду К. Карасаев атындагы БГУнун ректору М. Дылдаев ачып, андан соң Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маданиятты өнүктүрүү жана саясатты жүргүзүү башкармалыгын жетектөөчү адиси Ч.Тойчубекова, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору А. Аскарова, университеттин Журналистика жана маалыматтык тутумдар факультетинин деканы А. Асанова сөз сүйлөп, бүгүнкү санариптештирүү мезгилиндеги талаптар, аткарылган иштер, алардын натыйжасы, жетишкендиктер, ошондой эле кемчиликтер тууралуу белгилешти.

Форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы китепканалар үчүн кадрларды даярдоо боюнча БГУнун Социалдык маалымат жана документтер кафедрасынын башчысы Г.И. Мукамбетова, заманбап китепканалык экотутум жана китепканачылардын компетенттүүлүгү боюнча Ташкент маалыматтык технологиялар университетинин профессору, техника илимдеринин кандидаты М.А. Рахматуллаев (онлайн-баяндама), санариптештирүү доорунда китепкана билимин практикада колдонуу боюнча Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин китепканалар жана документтер башкармалыгынын башчысы М.Э. Ынакбеков, библиотека ишиндеги интеллектуалдык технологиялар, анын чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директорунун жаңы маалыматтык технологиялар боюнча орун басары Т.А. Ааматов, ошондой эле Ташкент шаарынан Б.И. Ганиева санариптештирүү доорунда Өзбекстанда китепканалар үчүн кадрларды даярдоонун өнүгүшү тууралуу (онлайн -баяндама) баяндама жасашты.

 

Форумдун кийинки бөлүгүндө дискуссияга орун берилип, китепкана ишине байланыштуу кадрларды даярдоо, жаш кадрлардын ишке тартуу, аларга заман талабына ылайык шарт түзүп, практика жүзүндө окутуп, үйрөтүү, архив иши, документтештирүү боюнча, ошондой эле ишке орношуудагы көйгөйлөр тууралуу кеңири талкуу болду.