Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кааба Атабековдун 90 жылдыгы

16 Дек 2014
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө манасчы Кааба Атабековдун 90 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү коюлду.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1994), “Манас” – 1000” медалынын ээси (1995), залкар манасчы, бугунун кыдык уругунан чыккан Кааба Атабеков Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу Төрт- Күл айлында 1924 –жылы октябрь айында жарыкка келген.
К. Атабеков бардык жаратман манасчыларга таандык болгондой эле кереметүү түш көрүү аркылуу “Манас” айтып калат. 12-13 жаш курагында атасы Атабек Каабаны ошол айылдык Мамбет Чокмор уулу деген белгилүү манасчыга ээрчитип барып, тапшырат. К. Атабеков бир нече жыл бою манасчы Мамбет Чокмор уулунун кол алдында жүрүп, таалимин алып , такшалат. Кааба 1940- жылдын июнь айында , Фрунзе шаарында өткөн эл чыгармачылыгынын Республикалык олимпиадасына катышып, “Манас” айтат. Ошол олимпиадада Саякбай Карала уулу анын “Манас” айтканын угуп, жактырып, батасын берет.
К. Атабеков өмүр бою колхоздун ар кандай тармактарында эмгектенип келгени менен “Манас” айтуусун эч убакта калтырган эмес. Ал ар дайым манасчыардын областык, республикалык, эл аралык кароо-сынактарына катышып, алдыңкы орундарга татыктуу болуп келген. 1995- жылдын 21-25-июнунда, “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесине карта өткөрүлгөн манасчылардын Эл аралык кароо- сынагына катышып, биринчи орунга татыктуу болгон.
К. Атабековдун айтуусу боюнча Кыргыз илимдер академиясы тарабынан Кол жазмалар фондусуна 1962- жылы “Манас” эпосунун “Жылкы тийүү” окуясы жазылып алынган. Ал эми манасчынын өз колу менен жазып калтырган “Манас” эпосунун болжол менен 65 миң сап ырдан турган айрым окуялары азыркы күндө үйүндө сакталып турат.
К. Атабековдун манасчылык өнөрү тууралуу Голландиялык окумуштуу Ниенке ван дер Хейденин илимий эмгектери англис тилинде жарык көргөн. 1998-жылы манасчы К. Атабековдун чыгармачылыгы жөнүндө, Голландиянын кинокомпаниясы тарабынан “Акыркы манасчы” деген 40 мүнөттүк дарактүү кино тасма тартылган. 2000-жылы Ж. Орозобекованын киноценарийинин негизинде Швейцария менен Франциянын биргелешкен кинокомпаниялары тарабынан тартылган “Манасчы” деген даркектүү кинотасмага К. Атабековдун айтуусунда “Чоң казат” эпизотунан үзүндүлөр тартылып алынган. К. Атабеков 1995- жылы Түркия, 1996-жылы Франция мамлекетинин атайын чакыруусу боюнча “Манас” айтып барып келген.
1998- жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ПРООНдун – “Устат- шакирт” аттуу долбоорунун алкагында бир катар жаш манасчыларды тарбиялаган.
К. Атабековдун айтуучулук өнөрү Саякбай Карала уулу менен Мамбет Чокмор уулунун стилине үндөшүп турат. Анткени анын өнөрүнүн калыптанышына түздөн –түз бул эки манасчынын таасири болгон.
Кааба Атабек уулу 2008-жылы 28- мартта дүйнөдөн кайткан.
Көргөзмөгө манасчы К. Атабековдун өмүрү жана чыгамачылыгына арналган китепттер, макалалар, газетадан алынган статьялар, “Манас- 1000” фото альбому коюлду.
Дареги: Бишкек Ю. Абдрахманов көч.
КР Улуттук китепканасы. 2- этаж № 57 каб.