Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кадыркул Өмүркуловдун 80 жылдыгына арналган «Сөз терип, ой баккан талант » аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлөт.

Кадыркул Өмүркуловдун 80 жылдыгына арналган «Сөз терип, ой баккан талант » аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлөт.
19 Фев 2021

2021-жылдын 19-февралында саат 11:00дө А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде кыргыз эл жазуучусу, белгилүү кинодраматург, прозаик, журналист жана коомдук ишмер Кадыркул Өмүркуловдун 80 жылдыгына арналган «Сөз терип, ой баккан талант » аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлөт.
Анын алгачкы жазган аңгеме-очерктери жумушчулар жөнүндө жазылган. Жаш калемгердин адеп жазган чыгармаларын жактырган комиссия аны Москвадагы ВГИКке сунуш кылышат. Өзү эңсеген окуу жайына өтүп, студент кезинде ал адис устаттарынын чыгармачыл чеберканасынын сырларын үйрөнүп, сценарий жазганды эрте өздөштүрүп, 1964-жылы “Кызыл Аянт” деген документалдуу фильмге сценарий жазып чыгармачыл жолу башталган. 1965-жылы Бүткүл союздук кинематографисттер институтунун сценардык бөлүмүн бүткөн. Ошол эле жылы таланттуу кинорежиссер Т. Океев менен биргелешип жазган “Бакайдын жайыты” аттуу кинофильмдин сценарийи анын биринчи адабий иши болуп эсептелет.
1966-1971-жылдары Кыргызстан мамлекеттик кинокомитетинде жана “Кыргызфильм” киностудиясында башкы редактор, 1973-1976-жылдарда директор, башкы ре¬дактор, 1976-1993-жылдары Жаңылык Басылмалар Агентствосунун (АПН) кыргыз бөлүмүнүн өз кабарчысы жана башчысы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук телерадио берүү компаниясынын президенти болгон.
К.Өмүркулов республиканын мамкиносунда, телерадиосунда иштеп турган мезгилинде жаңы темага, профессионалдык чеберчиликке, улуттук рухий маданиятты өстүрүүгө аракеттенип, уюштуруу ишине чоң көңүл бурган. Айрыкча документалдуу фильмдин өсүп-өнүгүшүнө жаңы табылгаларды изденип, өзүнүн бай тажрыйбаларын үйрөтүп, бир топ алгылыктуу иштерди аткарып өз салымын кошкон.
Манасчы С. Каралаев тууралуу тарткан даректүү тасмасы дүйнөлүк аренага тарап, улуттук жаш кино өнөрүнүн чоң жаңылыгы катары бааланган.
Киносценаристтин 40 жылдан ашык чыгармачылык жолунда “Ак куулар конгон айдың көл”, “Ыр чыны”, “Каныбек”, “Эски тегирмен”, “Жер касиети”, “Кербез”, “Ак- жолтой”, “Бурма” жана башка фильмдер тартылып, эл аралык кииофестивалдарда ар кандай баалуу сыйлыктарды жеңип алган.
К. Өмүркулов жеке эле кино жаатында эмес, адабият майданында да жигердүү иштеп, “Жер касиети”, “Жылдыздуу түн”, “Миң булак” аттуу чыгармалардын автору.
1968-жылы “Бакайдын жайыты” кинофильми үчүн республиканын Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон. 1979-жылы “Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу деген ардактуу наам берилген. “Эл достугу” ордени (1991), “Даңк” медалы менен (2001) жана грамоталар менен сыйланган.
Көргөзмөдө кинодраматургдун китептери, газета-журналдык макалалар, цитаталар жана фотодокументтер жайгаштырылды.
Иш-чарага коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери, туугандары, жердештери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышат.
Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.
Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасы
Тел.: 30-47-04