Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Калыгул Бай уулунун 240 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү уюштурулду

Калыгул Бай уулунун 240 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү уюштурулду
08 Сен 2025

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында 2025-жылдын 8-сентябрында кыргыз элине таанымал акылман, келечекти көрө билген инсан Калыгул Бай уулунун 240 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү уюштурулду.

XIX кылымдын биринчи жарымында кыргыз элине кеңири белгилүү болгон нускоочу, ойчул акын Калыгул Бай уулу Ысык-Көлдүн Карай-Ой деген айылында туулган. Калыгул ойчул өткөн доордо бизге белгилүү кыргыз сөз устаттарынын бири. Ал коом, турмуш, жашоо, каада-салт, тиричиликтин түрдүү учурлары жөнүндө ой-пикирлерин, корутундуларын, кеп-кеңештерин «маселдер» деп атап, накыл сөз түрүндө, уйкаштыкка келтирип баяндаган акылман, олуя катары таанылган.

Башка акындардан айырмаланып, Калыгул акын чоң жыйындарда ырдабай, айтышка түшпөй, комуз чертпей, ырларын маселдетип, жорго, накыл сөз түрүндө куюлуштуруп, обонсуз айткан.
Ата — бабаларыбыздын асыл ойлорун сактап калуу жана келечек муундарыбызга жеткирүү ар бирибиздин милдетибиз.