Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Калыгул Бай уулунун туулган кЇнЇнй 230 жыл (1785-1855)

16 Окт 2015
Кыргыз элинин даанышман, санатчы-насыятчы акыны Калыгул Бай уулунун туулган күнүнө 230 жыл (1785-1855) аттуу китеп көргөзмөсү 2015- жылдын 16- октябрында А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө балуу басылмалар бөлүмүндө өткөрүлөт.
Калыгул Бай уулу (1785-1855ж.ж.) XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз элинин белгилүү даанышман, айткан сөздөрү калктын жүрөгүнө эм болгон, санатчы-насыятчы акыныбыз Ысык-Көлдүн күнгөй тарабындагы Кара-Ой (көп жылдар бою орусча Долинка деп аталып келген) деген жерде оокаттуу адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Акындын көпчүлүк өмүрү Ысык-Көл кылаасында Сарыбагыш элинде, Теңир тоодо, Чүйдө, Таласта жашаган элдердин арасында сый-урмат менен өткөн. Калыгул эч бир мансап күткөн эмес, бийлик кармабаган, бий же болуш болбогон.Өзүнүн акылмандуулугу жана элге калыстыгы, кыргыздын урууларын ынтымакта, биримдикте жашап турушуна жетишүү үчүн жасаган көп жылдык аракеттери менен элдик чексиз кадыр-баркка, урматоого жетишкен. Кыргыздын уруу башкаруучулары Калыгулга келишип, аны урматтап чакырышып, дайыма андан акыл-кеңеш сурап турушкан. Айта кете турган бул адамга мүнөздүү дагы бир белги бар. Калыгул кедей-кембагалдарды, бечара жардыларды эч качан эзген эмес. Өзүнүн бала-чакалары, туугандары менен бирдикте оокат кылган. Ашынган байлыгы, түмөнү түрүлгөн дүйнөсү болбогон.
Калыгул Бай уулу- бир эле учурда Токтогулдай ырчы, Толубайдай сынчы, Жээренче чечендей сөзмөр жана Нострадамустай олуялык касиетке ээ болгон. Чынында эле ал бурганак учкан шамалды, буулугуп келген заманды күн мурунтан боолголоп айтып, ал тургай 100-150 жыл илгертен эл тагдыры эмне болоорун көрө билген көсөм болгон.
Эл өсүп, жер толот,
Бул жер өзүнө шаар болот.
Баш аягы ат чабым,
Өзбек, дунган отурган базар болот,
Капталдагы какыраган сайда
Элдин оозуна толгон жемиш болот.
Ар уруктан чогулган
Ынтымакту эл болот,- деп Токмок шаары турган жерге келгенде жанындагыларга айкан экен.
Калыгул дүйнөдөн кайтканда жалпы эл аза күтүп, аны өзү туулуп- өскөн мекени Ысык-Көл калаасында, Кара-Ойдо акыркы келбес сапарына жөнөтүшкөн.
Дареги: КР Улуттук китепканасы
2этаж № 57 каб.
Тел: 30-46-79.