Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Камбаралы Бобуловдун “Тандалган чыгармаларынын” III томдук жыйнагынын бет ачары

20 Май 2011
2011-жылдын 18-майында саат 11:00дө Улуттук китепканада белгилүү сынчы, акын, прозаик, котормочу жана коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун китеп-сүрөт көргөзмөсү жана “Тандалган чыгармаларынын” III томдук жыйнагынын бет ачары өткөрүлдү.
Улуттук китепкананын директорунун илим боюнча орун басары Рыскулбек Буларкиев китеп-сүрөт көргөзмөнү ачып, Камбаралы Бобуловдун чыгармачылыгы жөнүндө кеңири сөз сүйлөдү. Сөз Кыргыз Эл жазуучусу Сейит Жетимишовго берилип, ал Камбаралы Бобуловдун студенттик күндөрүн, чыгармачылыгын,адамкерчилигин, бетке айткан түз киши экенин эскерип, К. Бобуловго арнаган өзүнүн ырын көркөм окуп берди. Ал эми Кыргыз Эл акыны Г. Момунова болсо “тамаша айтса да көңүлү ачык, шаңдуу, жан дүйнөсү таза адам эле, тил комиссиясынын президенти болуп турганда, анын кыргыз тили үчүн күйгөнүн, баамчылдыгын, айтып кетти. Сынчы К. Даутов, акын М. Мамазаирова, “Ноокат”коомунун төрагасы С. Жороева, жазуучу Б. Максүтов, жазуучу П. Казыбаев сөз сүйлөшүп, К. Бобуловдун мекенчилдигин, кыргыз тилинин баасын, баркын билчү, тилди сактоо үчүн кыргыз тилинин өсүшү, өнүгүшү үчүн жанын берип күйгөндүгүн эскерип өтүштү. Кыргыз Республикасынын артисткасы Райхан Абдувалиева К. Бобуловдун сөзүнө жазылган “Кыздын каты”, К. Сатаев “Кара көз”, композитор А. Жээнбаев “Түшүмө Ноокат кирет” аттуу обондуу ырларынан аткарып беришти. К. Бобулов атындагы адабий борбордун жаш акындары Каныбек кызы Айсулуу, Шайырбек Тагаев, Аймира Жумагазы кызы, Венера Акматовалар К. Бобуловдун ырларынан окуп беришти. Сөз аягында К. Бобуловдун жубайы Акация Жапарова акындын чыгармачылыгына токтолуп, Улуттук китепкананын жетекчилигине үй-бүлөсүнүн атынан терең ыраазычылыгын билдирди.
“Сынчы, акын, прозаик, котормочу жана коомдук ишмер”аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышына акын, жазуучулар, илимий жана маданият кызматкерлери, студенттер, китепкана кызматкерлери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
“Сынчы, акын, прозаик, котормочу жана коомдук ишмер” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып, өз максатына жетти.