Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

КАНАТЫ КАЙРЫЛГАН ШУМКАР

КАНАТЫ КАЙРЫЛГАН ШУМКАР
24 Янв 2024

2024-жылдын 24 январында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеби” бөлүмүндө Ташим Байжиевдин туулган күнүнүн 115 жылдыгына карата “Канаты кайрылган шумкар” атту китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Адабиятчы, сынчы, драматург Ташым Байжиев 1909-жылы (азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Ак Суу районундагы Тепке айылында) туулган. Т. Байжиевдин 1927–1928-жылдары алгачкы «Кызыл Кыргызстан» гезитинде «Чабуул», «Маданият жолунда» журналында Ташымдын «Сен кимсиң?», «Досум», «Кытмыр өлдү», «Күрөө», «Тер-Сууда», «Суу боюнда» ж. б. чакан повесть, аңгемелери чыккан. Т.Байжиев өзүнүн чыгармачылыгын сынга, адабият таануу жана тил илимине жумшаган жана адабиятчы Зияш Бектенов менен биргеликте кыргыз грамматикасы жана адабияты боюнча биринчи окуу китептеринин автору болгон. Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө жазган «Жигиттер» аттуу пьесасы «Советтик Кыргызстан» журналына басып чыккан. Кыргыз драма театрында анын котормосу боюнча А.Треневдин «ЛюбовьЯроваясы», А.Островскийдин «Сепсиз кызы» коюлган. Т.Байжиев И.Тургеневдин, Л.Толстойдун, Д.Фурмановдун, А.Фадеевдин ж.б.. чыгармаларын кыргыз тилине которгон. 1950-жылы Т. Байжиев айыпсыз куугунтукка алынып репрессияланган жана 10 жылга эркинен ажыратылган. 1952-жылы 17-февралда Караганда лагеринде каза болгон. 1955-жылы толугу менен күнөөсү акталган.