Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Каюм Мифтаковдун туулган кЇнЇнЇн 120 жылдыгы

28 Июн 2012
2012-жылдын 28-июнунда саат 1100дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана баалуу басмалар бөлүмүндө белгилүү фольклорчу жана педагог Каюм Мифтаковдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган «Кыргыз фольклорунун жыйноочусу жана изилдөөчүсү» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт.
Каюм Мифтаков 1882-жылы 28-июнда Башкырт Республикасынын Уфа губерниясынын Салават районунда туулган, башталгыч билимди диний мектебинен алган.
Ал 1911–1919-жылдарда Кустанай, Семей, Торгой, Жети-Суу өрөөндөрүндө иштеген мезгилде башкырт, татар, казак элдеринин оозеки чыгармаларын топтогон. 1920-жылдан баштап өмүрүнүн аягына чейин ал Кыргызстандын айыл-кыштактарын кыдырып оозеки чыгармалардын үлгүлөрүн жыйнаган.
К. Мифтаков 1920-жылы Таластын Грозный районунда мектеп директору болуп турганда ар түрдүү ырларды, Манастын күмбөзү тууралуу маалыматтарды кагаз бетине түшүргөн. Өзүнүн демилгеси менен оозеки чыгармаларды жыйноо боюнча ийримдерди уюштуруп, «Манас» эпосунун варианттарынан тартып макал-лакап, элдик ырларды, поэмаларды, санжыра сөздөргө чейин кагазга түшүргөн. Биринчилерден болуп кыргыз фольклорун жанрдык жактан классификациялоону колго алган.
Нарын аймагына оозеки чыгармаларды жыйноо экспедициясын уюштуруп Сагымбайдан «Манас» эпосун жазып алуу ишин баштаган. Ат-Башы, Орто-Сырт, Ак-Сай, Арпа жайлоолорунда, Тогуз-Торо, Көчкөр өрөөндөрүн кыдырып, манасчы-акындардын чыгармаларын жыйнаган.
Т. Молдодон Семетейдин Айчүрөккө барганын М. Мусулманкулдан «Жакып-Байыш», «Эр Курманбек» эпосторун, Бердибай уулу Эркебайдан «Алманбеттин көрүнүшү», «Сыргактын көрүнүшү», «Манастын Аккуласы», С. Рыскулбековдон «Манастын күмбөзү», «Таласты мактоо» ж.б. эпизоддорду жазып алган. 1947-жылы Ош жергесинен Алай, Ноокат, Гүлчө райондорунан санат, макал, ар түрдүү ырларды жазып калтырган. Анын улуттук салттар жөнүндө жазылган макалалары Алматыда жарык көргөн. «Жети-Суу» правдасы», Кыргызстандын «Эркин-Тоо», «Советская Киргизия» гезиттерине басылып турган.
Көргөзмөдө китептер, илимий – популярдык очерктер, Манас энциклопедиясы коюлуп, жалпы китеп окурмандарына тартууланат.