Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Казакстандын Улуттук китепканасынын илимий кызматкери биздин Улуттук китепканада

Казакстандын Улуттук китепканасынын илимий кызматкери биздин Улуттук китепканада
02 Сен 2025

Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасынын илимий кызматкери, Казакстан Жазуучулар союзунун мүчөсү Канат Муратбек уулу Алтынбек Казакстан Жазуучулар союзу менен Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги биргелешип ишке ашырып жаткан “КМШ архивдеринде казакстандык жазуучулар жөнүндө изилдөө иштери” аттуу долбоордун алкагында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына атайын келди. Анын максаты – казак-кыргыз адабий-тарыхый байланышын изилдөө.
Ал Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасында жарык көрүүчү “Китеп жана китепкана” журналынын быйылкы жылдагы сандарын, ошондой эле өзүнүн жеке автордук китептерин китепканабыздын фондусуна белек катары тапшырды.

***

Научный сотрудник Национальной библиотеки Республики Казакстан, член Союза писателей Казакстана Канат Муратбек уулу Алтынбек в рамках проекта «Исследовательская работа о казакстанских писателях в архивах СНГ», реализуемого совместно Союзом писателей Казакстана и Министерством культуры и информации РК, специально посетил Национальную библиотеку имени Алыкула Осмонова с целью изучения казакско-кыргызских литературно-исторических связей.
Он также передал в фонд нашей библиотеки свои авторские книги и свежие выпуски журнала «Книга и библиотека», издаваемого Национальной библиотекой Республики Казакстан.