Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Керегем, сага айтам келиним сен ук”

03 Ноя 2017
2017-жылдын 3-ноябрында, А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Ч.Айтматов залында (3-кабат), саат 13.00 до “Керегем, сага айтам келиним сен ук” аталышындагы жолугушуу өтөт.
Жолугушууну “Данакер ЛИНГВО” илимий-маданий коомдук бирикмеси Москва районундагы “Ак-Суунун ак элечек апалары” элдик этнографиялык, фольклордук тобу менен биргелешип уюштурат. Иш-чара 2017-жыл, Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында уюшулат, анын негизги максаты – кыз баланы тарбиялоо, келиндин үй-бүлөдөгү орду, үй-бүлөнү сактап калууда кайын эненин милдеттери туралуу кеп козголот. Анда Кыргызстандын жети облусунун даамдарынан жасалган “Ак-Мөөр” салаты, кол өнөрчүлүктүн сырлары туралуу пикир алышуу болмокчу.
Иш-чарага кол өнөрчүлөр, студенттер, журналисттер катышат.
Уюштуруучу 0708850616