Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Китеп – адамзаттын рух азыгы

20 Апр 2017
2017-жылдын 21-апрелинде саат 1000дө Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө Китеп күнүнө арналган «Китеп – адамзаттын рух азыгы» аттуу китеп көргөзмөсү жана “Тил жана котормо” журналынын баш редактору Макелек Өмүрбайдын “Кыргыздын мамлекеттүүлүгү жазма булактарда” аттуу китебинин бет ачар аземи өткөрүлөт.
Китеп адамзаттын маданий мурастарын сактоо жана байытуу боюнча биздин жалпы күч-аракетибизди бириктирген негизги жардамчы. Китеп – бул маданий ар түрдүүлүктүн терезеси, китеп – ар түрдүү замандарда жана жер жүзүндө болгон цивилизацияларды байланыштырып турган көпүрө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2002-жылдан баштап ар жыл сайын 23-апрель Кыргыз Республикасынын китеп күнү деп токтом кабыл алган. Республикабыздын маданий борборлорунда Китеп күнүнө арналган китеп көргөзмөлөрү, китеп базарлары, сынактар салтанат күн катары өткөрүлүп келет.
Улуттук китепканада да китеп күнүнө арналган “Китеп – адамзаттын рух азыгы” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулат. Китеп көргөзмөнүн максаты, кыргыз тилинде чыккан көркөм китептерди, илим жана маданият багытындагы китептер, усулдуктарды коомчулукка тааныштыруу.
Улутубуздун тарыхын ичине батырган кыргыз тилинде чыккан китеп дүйнөсүн сактоо милдетин негизги орунга коюшубуз керек.
Жазуучу Макелек Өмүрбай бул өзүнүн жаңы чыгармасында кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн пайда болушун жана болуп өткөн окуяларды Кытайдын жана башка элдердин жазма булактарына, бир катар аалымдардын пикирлерине таянып, тарыхый фактылар менен негиздеп алдыбызга коет.
Окурман мындан байыркы кыргыз каганатынын башка хандыктар өз мамлекетин түптөөгө опол тоодой иш кылышкан тарыхый инсандар менен таанышып, өз ата-тегинин түптүү эл болгондугуна ишенимин бекемдеп, сыймыгы артат.
Бул чыгарма өзүнүн лексикологиясы, тарыхыйлуулугу жана өз алдынчалуулугу менен баалуу.
Ишчарага илим, билим берүүнүн кызматкерлери, акын-жазуучулар, ЖОЖдордун студенттери жана китеп ышкыбоздору катышышат.
Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы.
Тел.: 30-50-57, 30-47-04.