Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Китеп – адамзаттын рух азыгы” аттуу китеп кйргйзмйсЇ

22 Апр 2011

2011-жылдын 21-апрелинде саат 10.00дө Улуттук китепканада “Китеп-адамзаттын рух азыгы” аттуу китеп көргөзмөсү өткөрүлдү.

Көргөзмөгө кыргыз басылмаларынан басылып чыккан акын, жазуучуларыбыздын 2010-2011- жылдардагы көркөм адабий чыгармалары, илимий публицистикалары чыгармалары жайгаштырылды. Китеп көргөзмөсүнө газетадагы жана китеп жөнүндөгү макалалар коюлду.
Улуттук китепкананын директору, профессор Ж. Бакашова сөз сүйлөп, акырындап кыргыз китеби өзүнүн бир жогорку ордуна келээр деген үмүтүбүз бар деди. Адамдардын руханий байланышындагы көөнөрбөс көрөңгөнүн бири китеп экенин баса белгиледи.
Көргөзмөгө акын, жазуучулар, студенттер, китепкана кызматкерлери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.