Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

КИТЕП ФОНДУ “БАЙДЫКЕМ ЖӨНҮНДӨ ДИЛБАЯН”, “АЙТЧЫ ДОСУМ”, “АК ТИЛЕК” КИТЕПТЕРИ МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ

КИТЕП ФОНДУ “БАЙДЫКЕМ ЖӨНҮНДӨ ДИЛБАЯН”, “АЙТЧЫ ДОСУМ”, “АК ТИЛЕК” КИТЕПТЕРИ МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ
12 Мар 2026

2026-жылдын 12-мартында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду “Байдыкем жөнγндө дилбаян”, “Айтчы, досум”, “Ак тилек” китептери менен толукталды.

Эки жолу (2003-2008-ж.ж.) басылып чыккан «Ак тилек» обондуу ырлар жыйнагын, «Сарногойдун коргону же Байдыкем жөнүндө дил баян» аттуу биографиялык эссе жана “Айтчу досум” китептерин бизге белек кылган Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Алыкул Осмонов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлыктардын ээси, Кыргыз эл акыны, Талас мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору Анатай Өмүркановго жана өмүрлүк жары, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү драматург Бурул Калчабаевага ыраазычылык билдиребиз!