Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Китеп көргөзмө: Кылымдар унуткус кыргын

Китеп көргөзмө: Кылымдар унуткус кыргын
13 Авг 2025

2025-жылдын 13-августунда А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө 1916-жылдагы Борбордук Азиядагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 109 жылдыгына арналган “Кылымдар унуткус кыргын” деген темада китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Үркүн – кыргыз элинин орус падышачылыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Орусия империясы Орто Азияда колониялык саясат жүргүзгөнү маалым. Кыргыздар орус падышасынын бийлигин таанып, анын буйрук, жарлыктарын аткарууга милдеттүү болгон.

Падыша өкмөтү аймакты башкарууда жергиликтүү элдердин түпкү кызыкчылыктарын эске алган эмес. 1916-жылкы көтөрүлүш, анын кайгылуу жактарына жана эбегейсиз кан төгүлүшүнө карабастан кыргыз элинин жана жалпы эле Орто Азия, Казакстан элдеринин тарыхындагы эстен кеткис чоң окуя жана саясий мааниси зор. Ал кыргыз элинин эрдигин, ата мекенин, өзүнүн эркиндигин сүйгөндүгүн көрсөттү жана падышалык бийликтин колониялык саясатына сокку уруп, аны начарлатты.

Китеп көргөзмөгө 1916-жылкы көтөрүлүш боюнча кыргыз жана орус тилдеринде маанилүү жана тарыхый документтерди, маалыматтарды камтыган китептер, прозалык чыгармалар, эскерүүлөр, сүрөттөр, макалалар жайгаштырылды. Кыргыз элинин тарыхына кызыккан бардык окурмандарды китеп көргөзмөгө чакырабыз.