2025-жылдын 22-сентябрында А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө Мамлекеттик тил күнүнө карата “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” деген темада китеп көргөзмөсү ачылды.
1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили – мамлекеттик тил, ал эми орус тили – расмий тил деп жарыяланган.
Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадыр-баркын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон. Ошол күндөн бери, 23-сентябрь – кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет.
Улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон мамлекеттик тил майрамы – бул улуттук майрам. Мамлекеттик тил – мамлекеттеги улуттардын ортосундагы байланыштын, пикир алышуунун куралы.
Улуу инсан, тилчи окумуштуу, улуттук туңгуч лексикограф Кусейин Карасаев “Тил адам рухунун түпкү теги, суу ичкен башаты. Ал бүтүндөй элдин тарыхын, кыбыр эткен кыймылын ушунчалык сарамжалдуулук менен сактап, улам кийинки муунга өткөрүп берип турат” деп айткандай, кыргыз тили — мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин уюткусу, көөнөрбөс руханий казынабыз.
Биз ата-бабаларыбыздан эки куттуу, ыйык мурас алып калдык: бири — Ата мекенибиз болсо, экинчиси – эне тилибиз.
Кыргыз тили – кыргыз тарыхы. Ал, кылымдан кылым ашып, эне тилибизде оозеки түрдө жаралган “Манас” эпосу аркылуу ата-бабадан урпактарга жетти. “Эне тили болбой, эл болбойт” дегендей, мына ушунун өзү эле эне тилибиздин ыйыктыгын, өлбөс-өчпөстүгүн, улуулугун, кадыр-баркын билдирет.
Залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматов “Мен бул турмушта кайсы бир бийиктикке чыга алдым десем, аны мен тилимдин улуу духунан көрөм” деп айтса, акын Насирдин Байтемировдун “Кыргында жанын берсе да, Кыргызым тилин берген жок” деген ыр саптары аркылуу тилибиздин улуктугу, ыйыктыгы таамай берилген.
Эне тили каны-жаныбызга эненин сүтү, бешик ыры, аталардын асыл нуска кептери, чоң аталардын куюлуштуруп сүйлөгөн санжырасы, чоң энелердин керемет жомогу, коомузубуздун күүсү менен сиңип келген.
Эне сүтү менен кошо жаралган эне тилибизди ыйык тутуп аздектегенде гана улутубуздун жүзүн, руханий маданиятыбызды, ата-баларыбыздын каада-салттарын сактап кала алабыз.
Китеп көргөзмөгө алгачкы кыргыз агартуучулары И. Арабаевдин 1924-жылы чыккан алиппеси, К. Карасаевдин, К.Тыныстановдун кыргыз тили боюнча окуу китептери, сөздүктөр, макал-лакаптар, кыргыз ырлары, кыргыз эл жомоктору жайгаштырылды.