А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы 2026-жылдын 13-февралында “14-февраль эл аралык китеп тартуулоо күнүнө” арналган, салтка айланган «Китеп жан дүйнөгө эшик ачат, жарык чачат» аттуу иш-чарасын өткөрдү.


Аталган иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Муктаалы Бектеналиев, «Манас» улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы,Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков, «Россотрудничествонун” өкүлү, билим берүү долбоорлорунун куратору


Гультяев Павел Сергеевич, Кыргыз эл жазуучусу Топчугүл Шайдуллаева,


залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун уулу Расул Касымбеков, коомдук ишмер Замир Келдибеков, “Улуу Тоолор” басмаканасынын жетекчиси Жумадин Кадыров, «Китепстан» басмаканасынын жетекчиси Бакыт Абдуллаев, акын, котормочу, талдоочу, публицист Жыргалбек Касаболотов,

акын, котормочу Толукбек Байзак, акын, котормочу, тележурналист Атахан Кожогулов, акын Махабат Молдалиева, котормочу Фарида Исанова, “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Марлен Жамалов, Бишкек шаарындагы китепканалардын башчылары, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Республикалык окуу борборунун талапкерлери, командири Алиев Ренат Шайырбекович жана Жогорку окуу жайдын студенттери, окурмандар катышты.


Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров сөз сүйлөп, «Манас» улуттук академиясы менен биргеликте маданий-агартуу иш-чарасын өткөрүп жатканын баса белгилеп, белекке китеп алып келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.


Акын-жазуучулар каалоо-тилектерин айтып, Улуттук китепкананын фондуна китептерин тартуулашты. Ошондой эле акын, журналист, котормочу Алым Токтомушевдин жана акын Шербет Келдибекованын китептерин иниси Замир Келдибеков, атактуу журналист, саясий жана коомдук ишмер Мелис Эшимкановдун китептерин жубайы Асел Эшимканова, журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулунун китептерин жубайы журналист Назира Саалиева фондго тапшырды.


Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов, драматург Бурул Калчабаевага жана Кыргыз эл артисттери Атайбек Бөдөшов, Каныкей Эралиевага Улуттук китепканага тартуулаган китептери үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.


Келген коноктор китепканалардын жана китептин баалуулугун, маанисин көрсөтүп турган, китепканалардын флагманы болгон Улуттук китепкананын миссиясын — улуттук маданий, илимий мурастарды сактоо жана китепканаларды китеп менен камсыздоо экендигин баса белгилешти. Жагымдуу жолугушуу “14-февраль –китеп сүйүүгө арналган күн” болсун деген тилектер менен жыйынтыкталды.


Борбордук Азиядагы эң чоң китепканалардын бири, 90 тилдеги 6 миллиондон ашык уникалдуу фонддун ээси Улуттук китепкана китеп фондун баалуу китептер менен толуктады.


Урматтуу коноктор, ар бириңиздердин катышууңуздар бул күндү өзгөчө кылды. Келгиле, Улуттук китепканабыздын тарыхындагы жаңы барактарды чогуу ачалы, уланталы! Салтка айланып бара жаткан бул күн ар бирибиздин эс-тутумубузда, айрыкча жаштарыбыздын эсинде 14-февраль китепти сүйүү күнү болуп калсын. Китеп – эң баалуу белек экендигин унутпай, мындан ары да окурмандарды кызыктырган жана шыктандырган китептерди тартуулайлы!