Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Китепкана – тынчтыктын жана улуттар аралык ынтымактын ордосу»

31 Май 2011
{mosimage}Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Президенти Р. И. Отунбаеванын катышуусу менен «Китепканалар күнүнө» карата «Китепкана – тынчтыктын жана улуттар аралык ынтымактын ордосу» аттуу III Республикалык китепканалар Форуму жөнүндө маалыматтык билдирүү.
Форум Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин академиясы, Кыргыз Республикасынын калк китепканаларынын ассоциациясы, Кыргыз Республикасынын китепканаларынын коомдук бирикмеси, ОБСЕнин «Кыргыз Республикасынын ИИБ реформалоо» программасынын колдоосу тарабынан уюштурулган Форум болуп өттү.
Китепканалар улутттук маданий мурастарды сактап, маданияттын, агартуунун жана билим берүүнүн, мамлекеттеги бардык элдердин кызыкчылыктары үчүн ар тараптуу маалыматтык муктаждыктарын камсыздоочу очогу болуп эсептелет.
Азыркы замандагы жаңы технологиялык жетишкендиктер республиканын китепканаларынын ишинде жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Ошондуктан өлкөнүн көп улуттуу элинин маданий баалуулуктарын калыптандырууда китепканалардын ролу жогору экендиги байкалат. III Республикалык китепканалар форуму Кыргызстандын түштүгүндө болгон июнь окуяларынын бир жылдыгынын алдында, бул Форум Кыргызстанда тынчтыкты камсыздоого жаңы өбөлгө түзөт деген үмүттө өткөрүлүп жатат.
Форумдун максаты – билим берүү, маданият жана мыйзам аркылуу тынчтыкты, сабырдуулукту жана коомдук коопсуздукту камсыздоого жардам көрсөтүүнү көздөйт.
Форумдун алкагында «Кыргызстандын китепканалары өзгөрүп жаткан дүйнөдө» деп аталган көргөзмө өткөрүлдү, анда республиканын китепканалары жаңы технологияларды жана иштин заманбап методдорун колдонуу менен өздөрүнүн иштерин жана ар түрдүү улуттардагы пайдалануучулар менен иштөөдөгү жетишкендиктерин көрсөтүштү. Сөз КР Президенти
Р. Отунбаевага берилип, ал өз сөзүндө биз өзүбүздүн тарыхыбызды жүрөгүбүз менен, жаныбыз менен окушубуз керек, китепкана-бул билим, маалымат тармагы болуп эсептелет. “Толеранттуулук бизге азыркы убакта Кыргызстанга өтө керек болуп турат, бардык улуттар бири-бири менен ынтымакта жашашы керек”- деп баса белгиледи. Ал эми маданият жана маалымат министри К. Кулуев китепкана – тынчтыктын символу болуп эсептелет, китепканада Маяковскийдин, Неруданын, Толстойдун, ж.б. китептери сакталып турат, ошондуктан китепкана китепти сүйгөндөрдүн мекени болсун деп, Кыргыз Эл акыны С. Жусуевдин китепке арналган ырынан көркөм чеберчиликте окуп берди. Америка өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен, “Адам Маршалек” атындагы басмакананын директору Адам Маршалек сөз сүйлөшүп, Улуттук китепканага китептерди белекке бергенин, дагы да болсо Улуттук китепкана менен тыгыз кызматташа берерин айтып өттү, ошондой эле китепкана кызматкерлерин майрамдары менен чын жүрөктөн куттукташты.
“Китепкана-тынчтыктын жана улуттар аралык ынтымактын ордосу” аттуу III Республикалык китепканалар Форумунун ачылышына КР Президенти Р. И. Отунбаева, КР Президентинин, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын расмий адамдары, Жогорку Кеңештин депутаттары, республикалык (атайын), облустук, райондук, айылдык, жождук жана мектептик китепканалардын кызматкерлери, мамлекеттик бийлик органдарынын, укук коргоо органдарынын, эл аралык уюмдардын, окуу жайлардын, жергиликтүү жамааттардын, ӨЭУ өкүлдөрү, илимдин жана маданияттын ишмерлери катышышты.
“Китепкана-тынчтыктын жана улуттар аралык ынтымактын ордосу” аттуу III Республикалык китепканалар Форуму катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып өз максатына жетти.
{mosimage}{mosimage}{mosimage}