Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Китепканачылар учун маалыматтар

15 Дек 2017
1. Усулдук колдоо
Китепканалардын иштеринин натыйжалуулугун айырмалоочу, көрсөткүчтөрдүн оптималдуу көлөмү

Китепканалык тейлөө жана китепкананын кызматтары натыйжалуу болот:
— алар жогорку сапатта болгондо,
— жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү китепканалардын ишмердүүлүгүн жогору баалаганда,
— кызматтарды көрсөтүүдө чыгымдарды кыскартуу,
— баардык китепканалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланганда.

РФ китепканаларынын иштери практикада көрсөткөндөй, эгерде төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишсе, алар бир кыйла натыйжалуу иштешет:
— калкты китепканалык тейлөө менен камсыздоо;
— айыл жергесинде – 60% жана жашоочулардын санына бир топ жогору,
— шаарларда – 40% жана жогору, борбор шаарлардан тышкары, бул көрсөткүч 20% болушу мүмкүн
-1 жашоочунун катышуусу: айыл жергесинде – жыл ичинде 5 жолу жана андан жогору, шаарларда – жыл ичинде 4 жолу андан жогору;
— массалык иш чараларга катышуу: айыл жергесинде 15% – пайдалануучулардын жалпы санынан жана андан жогору, шаарларда10 % жана андан жогору;
— 7 пайдалануучунун окушу: айыл жергесинде жыл ичинде 25 китеп жана андан жогору, шаарларда 20 китеп жана андан жогору;
— фондко кайрылуу айыл жергесинде: айыл жергесинде 5 жолу, шаарларда 3 жолу
— 1 жашоочуну (киши) китеп менен камсыздоо: айыл жергесинде китепкананын фондунан – 8 документке чейин, шаарларда 6 документке чейин;
— фонддун жаңыртылышы (китеп фондун толук жаңыртуу):
— Айыл жергесинде – 10-15 жылда бир жолу,
— шаарларда 15-20 жылда бир жолу;
— китепканалык фондду (жаңы басылмалардын келип түшүшү) жаңыртуу
— айыл жергесинде – жыл ичинде 1 жашоочуга 0,2 китеп,
— шаарларда – борбордук китепкналарда 0,35 китеп;
— мезгилдүү басылмалардын келип түшүшү:
— айыл жергесинде – бир жылга 10-15 аталыштагы гезит жана журналдар;
— шаарларда – борбордук китепканага бир жыл ичинде 150 аталыштагы гезит жана журналдар;
— ички структурасы өрчүгөн китепкана: бардык калк жайгашкан пункттарда китепканалык тейлөөнү уюштуруу суроолорун чечүү үчүн китеп берүүчү пункту жана фонддорду кайра жылдыруу, абонемент, окуу залы, маалымат-библиографиялык жана жаңылануу багытында – усулдук кызматтар, интернет-зал;
— “Китепканалардын ишмердүүлүгүнүн моделдүү стандарттары” төп келишкендей мебел, техника, жабдуулар менен ички жайларды чеги менен камсыздоо.
— кесиптик жактан даярдалган кадрлар: кесиптик билим, кесиптик окууга үйрөтүү, 5 жылда 1 жолу кесиптик окуу, кесиптик деңгээлин көтөрүү, өз алдынча окуу, бардык функционалдык милдеттер боюнча кадрлар менен нормативдүү камсыздоо жана эсеп боюнча 1 китепканачы ар бир 500 кишиге; айыл жергесиндеги калкка 750-1500 киши, а шаарда калктын жайгашкандыгына байланыштуу.

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын алдында кесиптик деңгээлин көтөрүү курстары

Кыргыз Республикасынын калк китепканалар Ассоциациясынын Уставынын макулдугу менен, Ассоциация кесиптик билимге таасирленет, китепканалык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин көтөрүү ( Статья 3. “Ишмердүүлүктүн багыттарынын максаты, тапшырмасы”, пункт 3.1.). Ассоциация кадрларды даярдоодо жана кесиптик деңгээлин көтөрүүнү камтуу менен бирге, китепканалык иштин бардык областарында прикладдык изилдөөлөрдү, координациялоону жана теоретикалык колдоону өткөрөт. (Статья 3 “Ишмердүүлүктүн багыттарынын максаты, тапшырмасы”, пункт 3.2.2. “Илимий жана практикалык ишмердүүлүк”).
Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Уставында, ал Кыргыз Республикасынын калк китепканаларынын усулдук – кеңеш берүүчү борбору катары кесиптик деңгээлин көтөрүүчү курстарды анын ичинде, дистанциялык курстарды) (III бөлүм, УК Укугу) өлкөнүн калк китепканаларынын кесиптик жактан өрчүтүүгө таасирлентүү максатында ачууга укуктуу.
КР Жогорку Кеңешинин Парламенттик угуулардын рекомендациясын аткаруу боюнча Иш-чаралардын планы менен “Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын аткаруу туралуу “Китепканалык иш жөнүндө” 01. 07. 12. ахыбалы боюнча КР Билим берүү жана илим Министрлиги менен биргеликте белгиленгендей 15 статья “Китепканалык иш” КР Мыйзамына төп келген КР китепканаларын кадрлар менен камсыздоону жакшыртуу боюнча олуттуу чаралар колдонулсун. Бул чектер менен мурда каралгандай КР УК алдында кесиптик деңгээлин жогорулатуунун жекече тутумун кайрадан орнотсун.
Бул чечимди аткарууда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын базасында китепкана кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу Курсу уюштурулган.
15, 09, 2016 ж. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлигинин Приказы, Кеңешинин чечиминин негизинде КР Билим берүү жана илим Министрлигинен (протокол 31-5-8 14,09,2016 ж.) Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын алдында китепкана кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин көтөрүү Курсу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия берилди.
Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын алдындагы китепкана кызматакерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуучу Курстар эки этапта жүргүзүлөт:
1. Китепканалык кызматкерлердин мектебин (сырттан) Аралыктан окуу программасы боюнча (аралыктан окуу ыгы менен) окуп үйрөнүү;
2. Окуу (өткөн материалдарды жана практикалык сабактарды кайталап, толуктоо) 72 сааттык программа боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын базасында өткөрүлөт.

ЖОБО
Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын алдындагы китепкана кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин уюштуруу Курсу жөнүндө
I. Жалпы жоболор

1.1.Китепкана кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу ишмердүүлүгү китепканалык-библиографиялык жана маалымат иштери калк китепканаларындагы китепкана кызматкерлеринин иштери менен тыкыс байланышта болуп, планченемдүү билим алууга жана аны бекемдетип, практикалык көнүгүүлөр ырастайт.
1.2. Китепкана кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин көтөрүү курстарынын иштери Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлигинин лицензиясы, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт.
1.3. Китепкана кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу курсунун иштерин КР Улуттук китепканасынын жана К. Карасаев атындагы БГУнун адистери менен биргеликте облустук, райондук борбордук жана шаардык китепканалар, башка уюмдар жана мекемелер менен өткөрүшөт
1.4. Китепкана кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу курсунун рамкасында, Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын (өз алдынча окуган материалдарды жана практикада үйрөнгөндөрүн бекемдөө) ичтен (очное) окуган жана Аралыктан окуу мектебинин базасында аралыктан окуу формасы каралган.
1.5. Окуу курсунун аяктагандагы туралуу күбөлүк КР Маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин Сертификаты болуп эсептелет.
1.6.Окуунун жыйынтыгы чыгарыларда ар бир окуучу анкета толтурушат, анын негизинде мектептин иши анализделенет, анын ишмердүүлүгүнө оңдоолор, толуктоолор киргизилет.
1.7. Бул Жобо менен, китепкана кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу Курсунун иштери төп келишкен мыйзамченемдер, КР китепканалык иштер боюнча нормативдик документтери, иш программалар жана координациялык пландары менен өткөрүлөт.

II. Негизи максаттар жана тапшырмалар

2.1. Китепкана кызматерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу Курсунун негизги максаттары жана тапшырмалары болуп төмөнкүлөр аталат:
— Китепкана кызматкерлердин мамлекеттик саясатынын өлкөдө китеп-каналык ишти өрчүтүүнүн багыттарын түзүүгө көмөк көрсөтүү;
— Китепкана кызматкерлеринин социалдык активдүүлүгүн көтөрүү жана алардын коомдогу орду;
— Китепканачылардын кесиптик аң сезимин куруу;
— Калкты маалымат жана китепканалык-библиографиялык тейлөөдө кесиптик билим алып жана аны өрчүтүү, маалымат — китепканалык ресурстарды максималдуу пайдалануу жана рационалдуулукту куруу, кадрлар менен иштөө ж. б.

III. Ишмердүүлүктүн мазмуну

3.1. Китепканалык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин көтөрүү курсу китепкана кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин көтөрүүнү уюштуруучунун ролун төмөнкүдөй жолдор аткарат;
— квалификацияны көтөрүү сабактарынын программа жана пландарын түзүү;
— китепкана кызматкерлерине, окуучуларга лекциялык материалдарды жана усулдук пособияларды берүү, сабактын темасы боюнча консультация, практикаларды өткөрүү ж. б.
— Китепканачыларды Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн китепканаларынын тажрыйбасы менен тааныштыруу ж. б.
Китепкана кызматерлеринин кесиптик деңгээлин көтөрүү курсуна окутуу 2 этапта өтөт.
I этап. Китепканалык кызматкердин мектеби аралыктан (сырттан) окуу төмөнкү формада жайылтылат:
— облустук кититепканалардын дарегине ЭП боюнча жиберилген, окуу курсун өз алдынча окуп өтүүгө, окуу–усулдук китепчелерде жана лекциялык материалдарда, айырмаланган тема боюнча теория жана практиканын суроолору тиркелген.
Угармандар бир эле мезгилде ошол теманын ирээти боюнча усулдук материалдарды ала алышат;
— тема окулгандан кийин окуучулар реферат түзүшөт, анда суроолордун аналитикалык жана практикалык аспектиси айтылган;
— практикалар өзүнүн китепканасынын базасында же өзүнүн регионундагы борбордук китепканаларда;
— маалымат продуктыларын, китепканалык технологияларды, жаңы китепканалык жабдууларды ж.б. демонстрациялоо.
II этап. КР УК 72 сааттык практиканы өтүп келүү жана Сертификат алуу. КР УК келүүгө жеринен командировкалык күбөлүк менен жаздырып келет. Командировкалык күбөлүктү берилиши мектепке чакырууну жана практикадан өтүп Серификат алууга жол ачат.
3.3. Мектепке кабыл алуу арызы кабыл алынган күндөн баштап окуу курсу 1 жылдык нөөмөткө белгиленет, ар бир окуучу үчүн жекече (индивидуально) болуп эсептелет.
3.4. Бардык окуучу группалар үчүн мектепте окуу бекер жүргүзүлөт.
3.4.1. Кесиптик деңгээлди көтөрүү курсунун сабактары өтүү региондордун тандаган тематикасы боюнча — акы төлөнөт.

IV. Усулдук-окуу ишмердүүлүктү башкаруу

4.1. Усулдук-окуу ишмердүүлүктүн Китепканалык кесиптик деңгээлди көтөрүүнү КР Улуттук китепканасынын илимий-усулдук жана басып чыгаруу бөлүмү жана башка бөлүмдөрү менен, ошондой эле КР Маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин тутумундагы облустук жана райондук борбордук жана шаардык китепканалары жана да ММТМ (МКИТ )менен иш алып барат.
— КР УК ИУИБИБ (ОНМИД) иштин мазмунуна жана уюштурулушуна жоопкерчилик кылат.
4.3. КР УК ИУИБИБ (ОНМИД) программаларды жана координациялык жылдык пландарды, жекече иш пландарды, китепкана кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин көтөрүү Курсунун ишмердүүлүгү жөнүндө текстүү отчетторду түзөт.
4.4. Курстардын ишмердүүлүгүн КР УК китепканалык иштер боюнча директорунун орун басары жетектейт.
Программанын бардык суроолору боюнча сабакты жана консультацияны Алыкул Осмонов атын. КР Улуттук Китепканасынын жана К.Карасаев атындагы БГУнун китепкана боюнча адистери өткөрүшөт.

2012-2016 ж. ж. китепканачылар үчүн маалымат-усулдук жана усулдук-сунуш кылынган китепчелер

2016 жыл:
2016 – жылга Республикалык китепкана кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча материалдар.
— Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата
“2016 жыл – Кыргызстанда тарых жана маданият Жылы”;
“Кыргызстан КМШ (СНГ) мүчөсү”
“Пайдалануучулардын стационардан тышкары тейлөөдө Кыргыз Республикасынын коомдук китепканаларынын иштерин уюштуруу”:
“КР Маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин тутумундагы коомдук китепканалардын иштерин уюштуруу боюнча типтүү жоболордун топтому”.
Моделдүү стандарттардын топтому, жоболор жана инструкциялар.
“Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин тутумундагы коомдук китепканаларынын иштерин уюштуруу боюнча Усулдук сунуштоо!”
“Мен Кыргыз Республикасынын жаранымын!”
“Окурманды китепке тартуунун жаңы формалары жана усулу”
“Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин тутумундагы коомдук китепканалардын бирдиктүү тармагына 25 жыл”.
Топтомдо Кыргызстандын көз карандысыздык жылдарында коомдук китепканалардын бирдиктүү тармагынын абалынын анализин камтыйт, ошондой эле китепканалардын фондуна келип түшкөн жана чыгышталган документтер, жана алардын санынын таблицасын камтыйт.
“25 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин тутумундагы коомдук китепканаларды маалыматтоо”.
“1991-2015 жылдардагы китепканалардын иштеринин бардык негизги багыттары боюнча КР ММТМ (МКИТ) тутумундагы коомдук китепканалардын ишмердүүлүгүнүн анализи”.
Статистикалык топтом “1991-2015 жылдары КР ММТМ тутумундагы коомдук китепканалар”.
2015 жыл:
“Улуу Ата мекендик согушка 70 жыл”
“Жаш өспүрүмдөрдү аскердик-патриоттукка тарбиялоо боюнча Кыргыз Республикасынын коомдук китепканаларынын иштерин уюштуруу”
“Алыкул Осмонов кыргыз адабиятынын классиги”
“Коомдук китепканаларда үй-бүлөлүк окууну уюштуруу”
“Кыргыз Республикасынын коомдук китепканаларында жаш өспүрүмдөрдүн социалдык-экономикалык билимин куруу”
“Китепканалык кызматтар жана анын сапаты”
“Коомдук китепканалардын кызматтарынын сапаты жана ишмердүүлүгүнүн натыйжасы”
Долбоор “ Коомдук китепканалардын ишмердүүлүгүнүн моделдүү стандарты”
“Китепканалык – библиографиялык терминдеринин сөздүгү”
“Коомдук китепканалардагы айылдык китепканачынын справочниги”. 1-2 бөлүк.
“2015 – жылга Республикалык китепкана кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча материалдар”.
“Коомдук китепканалар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу”:
2014 жыл:
“Китепканадагы көргөзмө”
“Кыргыз Республикасындагы коомдук китепканалардагы ресурстук камсыздоо: Справочник”
“Коомдук китепканалардагы иштер: практикалык жетекчилик (Коомдук ки тепканалардагы башкаруу ишмердүүлүгү; мененджмент сапаты)”
“Туризмди өрчүтүүгө көмөк (Коомдук турмушта китепканалардын ролу жана орду; туризмди өрчүтүү боюнча край таануу иштери)”
“Айылдык китепканадагы иштер”
“2014 – китепкана кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин көтөрүүгө жардам материалдар”
“Окурман Кыргызстан: тажрыйба, көйгөйлөр, келечектер”

2013 жыл

“Кыргыз Республикасынын окуу жайларынын китепканалары”. Справочник
Китепканалык кызматкердин Дистанциялык мектебинин иштери үчүн пособия:
Кыргыз Республикасынын коомдук китепканаларындагы китепканалык кызматтар. Китепканалык-библиографиялык тейлөө.
Китепканалык каталогдор жана фонддор.
Коомдук китепканалардын жаңы модели.
Коомдук китепканалардын иштеринин жаңы усулу жана формасы.
Китепканалык иштердин жалпы суроолору.
Кыргыз Республикасынын коомдук китепканаларынын усулдук иштеринин тажрыйбасы.
Коомдук китепканалардын иштерин уюштуруу.
КР коомдук китепканаларын ресурстук камсыздоо.
Пайдалануучуларды заманбап технологиялар менен камсыздоо.
Кыргыз Республикасындагы китепканалык иштердин абалы жана келечеги.
Коомдук китепканаларды башкаруунун усулу жана формасы.
Окурман Кыргызстан: тажрыйба, көйгөйлөр, келечектер:
2012 жыл
“КР коомдук китепканаларындагы паспортизациянын жыйынтыгы”
“Менеджмент”
“Үй бүлөлүк окуу китепканаларындагы иштердин тажрыйбасы”
“ Мамлекеттик эмес уюмдар менен коомдук китепканалардагы усулдун жана формасынын өз ара аракеттешүүсү”.