Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Китепканадагы кадыр тЇн-2017

13 Май 2017
2017-жылдын 16-майында саат 16.00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында «Таза коом» улуттук долбоорун ишке ашырууда китепканалардын ролу» аттуу «Китепканадагы кадыр түн» акциясы болот. Акциясынын максаты – сиздер менен биз биргелешип мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын камсыздап, Кыргызстан элинин жашоо сапатын көтөрүп, коопсуздугун чыңдоодо ар кимибиз салым кошо алаарыбызды көрсөтүү. Бул түнү китепканада бир эле убакта 60тан ашык иш чара өтүп, 3000ден ашуун адамдар катышышат. Бардык каалоочулар үчүн китепкананын эшиги ачык.
Кадыр түндө төмөнкү иш – чараларына күбө болосуздар!
• Көргөзмө: «Сен ак болсоң, мен ак болсом – коом таза болот!».
• Лекция: «Кыргызстандын экономикасынын актуалдуу проблемалары”.
• Сырдуу оюндар: («Китепканадагы жашыруун сырлар», «Мафия», «Түнкү жомоктор»).
• Мастер-класстар: (“Үй-бүлөлүк адабий майрам”, Улуттук Тогуз коргоол оюну, каллиграфия, улуттук оюуларды кесип жасоо, Йога, Цигун, Астрология).
• «Францияда билим алуу» Француз альянсынан сунуш.
• Тренинг “Оратордук чеберчилик”.
• 2017-жылдын популярдуу кинотасмасы «Уламыштар» — «Саякбай манасчы» Фондунан.
• Айтматовдук окуулар.
• Басмаканалардын китеп жарманкелери, белгилүү жазуучулар менен жолугушуу, поэзия кечеси.
• Балдар модасы.
• Көчө шахматы.
• Шаардык Демилгелер Фондунун бет ачары.
• Презентация: Роботтор, 3д принтерлер.
• Жаштар прессасынын парады.
• “Үй-бүлөлүк окуу” театрлаштырылган инсценировкалар жана конкурстар;
• КВН-ШОУ.
• Акысыз окурмандык билет алуу.
• Кофе жана Чай дегустациялары.
• Көрүнүктүү артисттердин концерттик программасы.
• Китепкана боюнча экскурсиялар ж.б. көптөгөн кызыктуу иш-чаралар Сиздерди күтөт.

Баардык каалочуларга эшик ачык!
Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы
Тел.: 30-46-95, 30-46-75