Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Китепстан” — коргозмо-жарманке

21 Апр 2016
2016-жылдын 22-апрелинде саат 14:00дө Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулуп, өткөрүлө турган “Китепстан” аталышындагы майрамдык көргөзмө-жарманкеге А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы катышат.
Жыл сайын өткөрүлүүчү бул көргөзмө-жарманкеге А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы ондогон библиографиялык көрсөткүчтөрдү, библиографиялык справочниктерди алып чыгуу менен активдүү катышып келген.
Бул жолку майрамдык жарманкеге Улуттук китепкана тарабынан чыгарылган “Айтматов Ааламы = Вселенная Айтматова” библиографиялык энциклопедиясы, “Айланган тоонун буркүтү = Великий певец” страны гор (Токтогул Сатылгановдун туулган күнүнө 150 жыл), “Сен ооруба мен ооруюн Ата Журт! = Немеркнущая поэзия” (А. Осмоновдун туулган күнүнө 100 жыл), “Алтынды дат баспайт” (И. Раззаковдун туулган күнүнө 100 жыл), “Кылымдарды карыткан кыргыз мамлекети”, “Манас дүйнөлүк маданияттын улуу мурасы” ж.б. бир катар библиографиялык көрсөткүчтөр, жыл сайын кыргыз жана орус тилдеринде жарык көрүүчү “Кыргызстан” Күндөр. Адамдар. Окуялар. жылнаамасы жана А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын 80 жылдыгына арналган басылмалар коюлат.