Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кйп кырдуу талант — Мырзабек Тойбаевдин 80 жылдыгы

15 Фев 2016

2016-жылдын 12-февралында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде кыргыз эл жазуучусу, көрүнүктүү драматург, акын, котормочу жана адабиятчы Мырзабек Тойбаевдин 80 жылдыгына арналган «Көп кырдуу талант» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.
Көргөзмөгө Маданият, маалымат жана туризм министринин искусствону өнүктүрүү агенттигинин начальниги Мирлан Самыйкожо, кыргыз эл жазуучулары А. Жакшылыков, К. Ашымбаев, С. Жетимишов, Г. Момунова, КР эмгек сиңирген журналисти С. Усупов, драматург Ж. Кулманбетов, манасчы С. Касмамбетов, коомдук ишмерлер, маданий, илимий кызматкерлер, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, туугандары катышышты.
Улуттук китепкананын залында кыргыз эл жазуучусу, көрүнүктүү драматург, акын, котормочу жана адабиятчы Мырзабек Тойбаевдин 80 жылдыгына арналган «Көп кырдуу талант» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүн Мирлан Самыйкожо ачты.
Сөз кыргыз эл жазуучусу К. Ашымбаевге берилип, ал төмөнкүлөргө токтолду.
Мырзабек Тойбаев кандай гана терең макалаларды жазбасын, анын нукура тубаса шыгы драматургияда ачык көрүнөт. Мырзабек Тойбаев кыргыз журтчулугуна кеңири белгилүү драматург. Кыргыз адабият драма өнөрүн атайы кесип кылган Т.Абдумомуновдон баштап драмалык жанрдын артынан сая түшүп ага бүткүл чыгармачылык күч-кубатын арнап эмгектенген драматургубуз Мырзабек Тойбаев десек жаңылышпайбыз деди.
Ал эми С.Усупов, Ж. Кулманбетов, С.Касмамбетов, Г. Момунова, А. Жакшылыковдор Мырзабек Тойбаевдин драматургиясы ар кыл темаларды камтып, бирине экинчиси окшобогон, актуалдуу проблемаларды көтөрөт. Ал эми каармандарынын тилинин табийгыйлыгынын, конфликт курууда, образ, мүнөз түзүүдө өзүнчө бир кайталангыс чеберчилиги байкалат. Анткени көрүнүктүү драматургубуздун бул касиеттери тууралуу залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматов “Тойбаев драматургиянын мурда ачылбаган түнт жолу менен басууга бел байлап, өзүнө да чыйыр сала кетет. Ал турмушунда дайыма изденген жана иш менен алектенген тынчы жок адам” деп өзүнүн баасын берген. Ал эми устаты Т.Абдумомунов “Мырзабек Тойбаевди мен өзүнүн кайталангыс үнү, өзүнүн кызыктуу чыгармачылык жүзү бар эң мыкты драматург деп эсептеймин. Анын комедиялары менен драмалары бизде жана Союздун көп театрларында ийгиликтүү коюлууда” деп өзүлөрүнүн жогорку бааларын беришкен.
М. Тойбаев 60 жылдан ашык чыгармачылыгында ондогон поэтикалык, прозалык жана публицистикалык, драматургиялык чыгармаларды жаратты. Ал өзүнүн күжүрмөн аракетинин натыйжасында тынымсыз талбай иштеп кыргыз элине 47 пьеса тартуулап, анын чыгармалары кыргыз театрларында гана эмес, Казакстанда, Өзбекстанда, Түркмөнстанда, Тажикстанда, Россияда, Монголияда, Саха-Якутияда ж.б. мамлекеттерде кеңири коюлду. 1990-жылдардан кийинки чыгармалары «Чоң атамдын осуяты», «Шок бала», «Жөн эле Майраш» комедиялары көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк таба алды.
Анын акындык поэзиялык ырларына белгилүү дээрлик кыргыз композиторлору кайрылып, 70тен ашуун ырларына композиторлор А.Малдыбаев, М.Абдраев, С.Осмонов, С.Жумалиев, К.Эралиева ж. б. обон жазылып ырдалып жүрөт. Б. Бокоева М. Тойбаевдин сөзүнө жазылган ырларынан көркөм чеберчиликте аткарып берди. “Жаңы толкун” адабий клубунун жаш мүчөлөрү Мырзабек Тойбаевдин ырларынан көркөм окуп беришти.
Улуу драматург Мырзабек Тойбаевдин чыгармалары кыргыз окурмандары үчүн өзүнчө дүйнө, табылгыс кенч бойдон кала бермекчи.
Көргөзмөдө драматургдун бардык китептери, газета-журналдык публикациялар, интервьюлар, ал жөнүндөгү ой-пикирлер, макалалар, ар түрдүү экспозициялар, фото документтер жайгаштырылды. Көргөзмө катышуучулар тарабынан жылуу кабыл алынып өз максатына жетти.