Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

КйрЇнЇктЇЇ лирик акын Турар Кожомбердиевдин 70 жылдыгы

22 Июн 2011

{mosimage}Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында көрүнүктүү лирик акын Турар Кожомбердиевдин 70 жылдыгына байланыштуу
«…Татаал жолду тандап алгам тил албай,
Талант барбы?
Дале жүрөм биле албай.
Тартып келем чыгарманын азабын,
Таасын ойду кайырмакка иле албай…»
аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы жана «Турар Кожомбердиев» эскерүүлөр, «Обондуу ырлар жыйнагы», «Мен тоолордун уулумун» жаңы китептеринин бет ачары жөнүндө маалыматтык билдирүү

2011-жылдын 21-июнунда саат11.00дө Улуттук китепканада белгилүү залкар акын Турар Кожомбердиевдин китеп-сүрөт көргөзмөсү жана “Турар Кожомбердиев” эскерүүлөр, “Обондуу ырлар жыйнагы”, “Мен тоолордун уулумун” жаңы китептеринин бет ачары өткөрүлдү.
Көргөзмөгө акындын алгачкы ырлары, китептери, чыгармачылыгы боюнча жазылган макалалар, сүрөттөрү, цитаталар, ой пикирлер шкафтарга жайгаштырылып, көргөзмөнүн көркүнө көрк кошту.
Улуттук китепкананын директору, профессор Ж. К. Бакашова китеп-сүрөт көргөзмөнү ачып, Турар Кожомбердиевдин чыгармачылыгына кеңири токтолуп, 1961-жылы «Көлчүктөгү ай» деген ат менен акындын тунгуч ырлар жыйнагы басмадан чыккандыгын, кийин ага удаалаш эле «Биз турган жер бийик», «Кызыл алма», «Тоо үстүндөгү күн», «Таңкы симфония», «Күн, жер, жүрөк», «От өчпөгөн коломто», «Кызгылтым кеч», «Нурлуу терезе», «Токтогул ГЭСи», «Ыр булак», «Калптар», «Кыл чокулар» аттуу ж.б. ырлар жана поэмалар жыйнактары окурмандардын жана поэзия сүйүүчүлөрдүн сүйүктүү чыгармаларына айлангандыгын баса белгиледи. Сөз Кыргыз Эл акыны Сагын Акматбековага берилип, ал Турар Кожомбердиевдин чыгармачылыгын, адамкерчилигин, ырларынын романтикасы күчтүү экендигин айтып эскерип өттү. Белгилүү сынчы К. Даутов, жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Н. Калыбеков, жазуучу И. Гилязетдинов, Турар Кожомбердиев атындагы мектептин директору Р. К. Акматовалар сөз сүйлөшүп , Турар Кожомбердиевдин чыгармачылыгын жогору баалап, анда сатириктик, обончулук шыгы бар экендигин, ал өзгөчө балдар адабиятына зор салым кошкон, республикабыздын бир нече жолку поэтикалык конкурстарынын жеңүүчүсү болгондугун эскеришти.
Кыргыз Эл акыны, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты Г. Момунова залкар акын Турар Кожомбердиевге арнаган өзүнүн ырынан көркөм чеберчиликте окуп берди.
Залкар акындын иниси Карыбай Кожомбердиев Улуттук китепкананын жетекчилигине үй-бүлөсүнүн атынан терең ыраазычылыгын билдирди.
Ал эми республикалык “Кыргыз руху” этнографиялык ансамблинин солисттери залкар акын Турар Кожомбердиевдин “Күн чыгышым”, “Түнкү серенада”, ж. б. обондуу ырларынан көркөм чеберчиликте аткарып беришти.

“…Татаал жолду тандап алгам тил албай,
Талант барбы?
Дале жүрөм биле албай.
Тартып келем чыгарманын азабын,
Таасын ойду кайырмакка иле албай…” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышына акын, жазуучулар, китепкана кызматкерлери, акындын бир туугандары, ардагерлер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Лирик акын Турар Кожомбердиевдин жаркын элесине арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып, өз максатына жетти.
{mosimage}{mosimage}{mosimage}