Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

КЛАССИКАЛЫК ОБРАЗДАРДЫН ЖАРАТУУЧУСУ ДАРКҮЛ КҮЙҮКОВАГА 105 ЖЫЛ

КЛАССИКАЛЫК ОБРАЗДАРДЫН ЖАРАТУУЧУСУ ДАРКҮЛ КҮЙҮКОВАГА 105 ЖЫЛ
06 Май 2024

2024-жылдын 6-майында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Респуликасынын Маданият жанан искусство бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССР эл артисти, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Ленин, Эмгек, Кызыл Туу, Эл Достугу ордендердин ээси Даркүл Күйүкованын туулган күнүнүн 105 жылдыгына арналган китеп көргөзмөс ү коюлду. Даркүл Күйүкова 1919-жылы 29-октябрда азыркы Аламүдүн районуна караштуу Төкөлдөш айылында туулган. Дыйкандын үй-бүлөсүндө тарбияланган кыз 10 жашында эле роль жарата баштаган. 17 жашында жаш көрүүчүлөр театырында кемпирдин образын жаратып, көрүүчү болуп келген легендарлуу генерал-майор Иван Панфиловду таң калтырган эле. Өмүрү театрга арналган Даркүл Күйүкова Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында 100 дөн ашык ролду ийине жеткире аткарган. Табиятынан жөндөмдүү, ички сезими күчтүү, трагедиялык пландагы актрисанын жогорку билими болгон эмес. Кино тармагында да кыргыз аялдарынын уникалдуу образдарын жаратууда өз чеберчилигин көрсөткөн.
Аткарган ролдору : К. Маликовдун пьесасында Жаңыл Мырзанын, Биринчи мугалим, Саманчынын жолу, Ак кеме, Аптап, Ак Мөөр, Аталар өрөөнү, Жамила, Косманавтар көчөсү ж.б..