Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

КМШ мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI – Форумунун алкагында, “Чыңгыз Айтматов жана азыркы заман” аттуу иш-чара болуп өттү.

КМШ мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI – Форумунун алкагында, “Чыңгыз Айтматов жана азыркы заман” аттуу иш-чара болуп өттү.
13 Сен 2023

13-сентябрь 2023 -жылы КМШ мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI – Форумунун алкагында, “Чыңгыз Айтматов жана азыркы заман” аттуу иш-чара А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада болуп өттү. Көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы жана анын чыгармаларынын актуалдуулугун заманбап шартта талкууланды.
XVI – Форумга КМШ өлкөлөрдөн: Якутиядан, Казакстандан, Россиядан, Беларусиядан, Кыргызстандан белгилүү жазуучулар, илим жана маданият ишмерлеринин катышуусунда болуп өттү.
Улуттук китепкананын фондуна, Казакстан, Өзбекстан, Туркместандын катышуучулары, китептерин тартуулады.
Бул форум КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу, терең талкуулоо жана маданий байланыштарды чыңдоо үчүн маанилүү иш-чара болуп саналат. Ошондой эле Кыргызстандын тарыхындагы, эң көрүнүктүү жазуучулардын бири Чыңгыз Айтматовдун мурасын сактоого жана жайылтууга көмөктөшөт