Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Книжная выставка, посвященная 80-летию В.М.Плоских

05 Июн 2017
А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 2017-жылдын 5- июнунда тарых илимдеринин доктору КР УИАнын корреспондент-мүчөсү В. М. Плоскихтин туулган күнүнүн 80 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү ачылат.
Плоских Владимир Михайлович 1937- жылы 16-апреде Казакстандын Акмоло (азыркы Астана) шаарында туулган. Кыргыз окумуштуусу, тарыхчы, археолог, тарых илимдеринин доктору, профессор. КР УИА академиги, КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери, КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын эки долку лауреаты (1996, 2002). 1960-жылы КМУну бүтүргөн. 1964 — жылы анын аспирантурасын бүткөн. 1964-1968- жылдары Кыргыз ССР ИАнын президиумунун окумуштуу-серетары, 1968-1971-жылдары улук илимий кызматкер, 1971- 1989-жылдары Тарых институтунда илимий иштер боюнча директордун орун басары, 1989-1993-жылдары Коомдук илимдер бөлүмүнүн бюросунун төрагасынын орун басары, 1993-1997-жылдары жана 2003-2011-жылдары КР ИАнын вице-президенти. КРСУда кафедра башчысы, 2010-жылдан КРдин мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитеттин мүчөсү. 1995-жылы Е.Д. Поливанов атындагы, 2003-жылы “Мустафа Кемаль Ататүрк” кайрымдуулук фондунун сыйлыктарынын лауреаты, КР УИАнын, Россия педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын мүчөсү.
1987- жылдары КР УИАда Кыргыз археологиялык-этнографиялык суу алдындагы эстеликтерди изилдөө бюнча Ысык-Көл тарыхий-археалогиялык экспедицияларынын башчысы болгон.
В. М. Плокихтин негизги эмгектери Октябрь революциясына чейинки Кыргыз тарыхын изилдөөгө арналган. 300дөн ашык илимий эмгектин анын ичинен 30дан ашык монографиянын автору.
3-даражадагы Манас ордени, Даңк медалы менен сыйланган.
Бул китеп көргөзмөгө автордун аркыл жылдарда басылып чыккан эмгетери жана ал жөнүндө жазылган чыгармалар орун алган.

Дареги: А. Осмонов атнындагы КР Улуттук китепканасы.
2-этаж № 57- кабинет. Тел. 30 – 46 – 79.