Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Коомдук ишмер, акын, драматург Молдогазы Токобаевге 110 жыл.

13 Фев 2015
2015-жылдын 13- февралында Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөүмүнүн окуу залында М. Токобаевдин 110 жылдыгына карата китеп көргөзөсү коюлат.
   Белгилүү акын, драматург кыргыздын жазма адабиятына негиз салган адабиятчы, коомдук ишмер М. Токобаев (1905-1974) Ысык-Колдүн Тору-Айгыр айылында туулган.
     Ата энесинен эрте жетим калган Молдогазы Караколдогу балдар үйүнөн тарбияланат.Түп районундагы айыл чарба техникумун жана Коммунисттик университетти бүткөн.
  Ал 1931-36- жылдардын аралыгында Кочкор райондук комитетинде агитация-массалык бөлүмүнүн башчысы, Базар- Коргон районунда МТСинин саясий бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, Ленин райондук комитетинин экинчи катчысы,(1934-36), Кыргызстан жазуучулар Союзунда жоопту катчы, “Кызыл Кыргызстан” газетасында редактор, Т. Сатылганов атындагы филармониянын директору, 1940-жылы Жалал-Абад областтык аткаруу комитетинин төрагасы, 1941-жылы  Кыргыз КП БКнын 3- катчысы, 1943-45-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, 1945-48- жылдарда Талас областтык комитетинин 1- катчысы, 1948-49-жылы Кыргызстан Компартиясынын агитация жана пропаганда бөлүмүнүн  башчысынын орун басары, 1949-53- жылдарда Кыргыз ССР Министирлер Советинин радиоберүү  комитетинин төрагасы, “Советтик Кыргызстан”газетасында бөлүм башчы болуп иштеген.
        Акындын “Кайсы убак?”, “Жан карындаш” атуу тунгуч ырлары 1924-жылы “Эркин-Тоо” газетасына жарыяланган.
         Ал өз ырларында кыргыз жергесине келген жаңы өзгөрүүлөрдү эмгекчи элдин эркиндик-теңдигин конкреттүү чагылдырып берген.
         1931-жылы М. Токобаевдин биринчи ырлар жыйнагы жарык көргөн. 1940-жылы  анын патриотизм, эмгек темасына арналган “Эрдин күчүн эл сынайт”, “Эмгек булагы” деген ырлар жыйнагына удаалаш эле 50-60- жылдардын аралыгында “Гүлдөгөн турмуш”,  “Шайыр жаштар”, “Шаңдуу күн”, “Гүлжан”, “Алга бас”, “Тандалган ырлар”, “Күжүрмөн эмгек”, “Айна”, “Шаңдуу кадам”, “”Таң алдында”, “Жарык күз” аттуу жыйнактары басмадан чыгып, окурмандардын кеңири чөйрөсүнө белгилүү болгон. 
         М. Токобаев кыргыз драматургиясынын көч башы десек жаңылышпайбыз. Акындын “Кайгылуу Какей”(1928) аттуу пьесасы Кыргыз театр өнөрүнүн  тарыхындагы тунгуч чыгармалардан болуп эсептелинет.
1947-жылы орус тилинде”Мы друзья Ленинграда”,  1958-жылы “Весна пришла” аттуу китеби чыккан.
 Адабиятка сиңирген эмгеги  коомчулук, өкмөт тарабынан жогору бааланып Ленин жана эки” Ардак белгиси” ордендери жана медалдар, грамоталар менен сыйланган. Ал таланттуу ишмер, жөнөкөй адам болгон.
  М. Токобаевдин чыгармалары узак жашап, ишмердиги унутулбай, кыргыз элинин мыкты уулу эч качан эстен чыкпайт.
Көргөзмөгө М. Токобаевдин жазган чыгамалары, орус тилине которулган китеби жана газета, журналга чыккан сатьялар жайгаштырылды.

Дареги: КР Улулуттук китепканасы Сейрек кездешүүчү жана     

                                                            өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмү. Тел: 30- 46 -79.