Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Коомдук саяси мамлекеттик ишмер И. Раззаковдун 100 жылдыгы

29 Окт 2010
2010- жылдын 25- октябрында Улуттук китепканада саясий жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 100 жылдыгына байланыштуу “ Коом деген сен жана мен, сен ак болсоң, мен ак болсом- коом да таза болот” деген китеп- сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.
Бул көргөзмөгө кыргыз коомчулугунун белгилүү өкүлдөрү илимий, маданият, адабият, искусство жамааттары, студенттер, И. Раззаковдун жердештери, компартиянын жана эмгек ардагерлери, массалык- маалымат каражаттарынын кызматкерлери чакырылып, 250гө жакын өкүлдөр келип катышты.
Улуттук китепкананын директору, профессор Ж.К. Бакашова китеп- сүрөт көргөзмөнү ачып, сөз учугун Исхак Раззаковдун эмгек жолун баяндап, анын эмгегинин үзүрү элдин чоң баасына татыгандыгын сыймыктуу белгиледи. Раззаковдун жетекчилик таланты, ал Кыргыз ССРинин
Министрлер Советинин төрагасы катары 5 жыл, андан соң Кыргызстан Компартиясынын биринчи секретары катары он бир жыл иштеген убакта кашкая ачылган. Өлкөнүн чарбасын калыбына келтирүүдө албан иштерди аткарган, ири заводдор, текстил, бут кийим, трикотаж, тамак- аш, энергетика, Чоң Чүй каналынын курулушу, Фрунзе- Ош автомагистралы ж. б. 20дан ашык ири өндүрүш обьектери ишке киришкен.
И. Раззаков республикадагы маданий курулушка зор көңүл буруп, анын колдоосу менен Кыргыз Мамлекеттик университети, Кыргыз ССР Илимдер академиясы, Фрунзе политехникалык институту, Пржевальскидеги, Оштогу педагогикалык институттары, Дене тарбия институту, көптөгөн орто окуу жайлар, илимий мекемелер, театрлар ачылып жана газета- журналдар негизделген. Улуттук кадрларды даярдоого көп көңүл бөлгөн, 1960- жылга карата 8 жогорку, 27 атайын орто окуу жайлары иштеп, аларда 40 миңден ашуун студенттер жана окуучулар билим алышкан.
Көргөзмөдө И. Раззаковдун басып өткөн турмуш жолун Кыргыз Республикасынын Эл Баатырлары, Кыргыз Эл акындары Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуевдер кеңири эскеришти. Ал эми Кыргыз Республикасынын Баатыры Күлүйпа Кондучалова Раззаковду эскерип: “ Менде жакшы мүнөз, сапат, жөрөлгө болсо, анын бардыгын Исхак Раззаковдон үйрөнгөм” деп суктануу менен айтты.
Исхак Раззаковдун чар тараптуу ак эмгектерин академик, философия илимдеринин доктору, профессор А.Ч. Какеев, Эл аралык “ Руханият” ассоциациясынын президенти А. Токтосартов, Исхак Раззаковдун жердеши, коомдук ишмер А. Юлдашев ж. б. даңазалап кеңири сүйлөп беришти.
Исхак Раззаковдун Кыргыз Республикасына жасаган баа жеткис эмгеги, кыргыз элине ак кызматы жогору бааланды. Бишкек техникалык университетине, Ош университетине, борборубуздагы, Ош шаарындагы эң чоң көчөлөргө, көптөгөн мектептерге ысмы ыйгарылган, Бишкекте, Лейлек районунда үй- музейлери ачылган.