Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Коонорбос талант

25 Сен 2017
2017-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында кыргыз адабиятын негиздөөчүлөрүнүн бири, кыргыз эл жазуучусу Касымалы Баялиновдун 115 жылдыгына арналган “Көөнөрбөс талант” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Кыргыз адабиятын негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу жана коомдук ишмер К. Баялинов 1902-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл районундагы Көк-Мойнок кыштагында туулган.
Ал 1919-жылы Ташкенттеги советтик партиялык курста, 1922-1925-жылдары Алма-Атадагы Казак-кыргыз агартуу институтунда, 1928-1933-жылдары Москвадагы Бүткүл Союздук журналисттер институтунда окуйт. Журналисттер институтун аяктагандан кийин Москвадагы Борбордук Басманын кыргыз секциясында, республикалык мамлекеттик басмада, областтык райондук газеталарда редактор, СССР ИАнын Кыргызстандагы филиалында илимий кызматкер жана Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын председатели болуп эмгектенген.
Жазуучунун чыгармачылыгы 1923-жылы ыр жазуудан башталып, “Биз ким элек, ким болдук”, “Селкиге”, “Ала-Тоо, өткөн күндү ойло!” деген алгачкы ырлары “Тилчи” жана “Эркин Тоо” газеталарына жарык көргөн. Кийинчерээк өзүнүн башынан откоргон 1918-жылга чейинки кыйын турмупту жөнүндө “Тянь-Шань жазы”, “Агабыз орус эли менен”, “Унутулгус күндөр” аттуу автобиографиялык очерктеринде кеңири баяндалган.
К.Баялинов “Жетимдин өлүмү” аңгемесинен кийкн чыгармачылыгын проза жанрында улантат. 1926-1940-жылдардын ичинде жазуучунун калеминен “Чабалекей менен жылан”, “Түлкү менен суур”, ‘ Мурат”, “Ажар”, “Жетилген жетим”, “Турмуш түрткүсүндө”, “Кош жүрөк”, “Бактылуу жылкычы” сыяктуу кыргыз элинин турмушун чагылдырган көркөм чыгармаларды жана балдарга арналган аңгеме-тамсилдер жаралган.
Ал эми кыргыз адабиятынын тарыхындагы биринчи прозалык чыгарма болгон “Ажар” повестинде 1916-жылдагы улупук боштондук кыймылын так, көркөм жана таасирдүү баяндаган. Бул повесть кыргыз чыгармаларынын ичинен биринчи жолу орус, немис, англис, чех, францу:, исяан тштдерине 1929-жылдан тартып которулуп, жаңыдан түзүлүп жаткан кыргыз адабиятынын республикадан тышкары аренага алып чыгып, жазуучунун атын чет элдик окурмандарга маалым кылды.
Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде жана согуштан кийин жазылган “Ал эми жетим эмес”, “Шанфтин аңгемеси”, “От ичинде”, “Аткарылган ант”, “Көл боюнда” жана башка повесть, аңгемелеринде элдин саясий-моралдык биримдигин, согуштагы жоокерлердин баатырдыгын, кыргыз элинин күжүрмөн эмгегин чагылдырса, 1950-жылдан кийин үч китептен турган “Боордоштор” романы Орто Азия элдеринин турмушунда Октябрь революциясынан кийинки болгон өзгөрүштөрдү жана жеке адамдардын коомдук турмуш-тагы тагдырларын баяндаган.
Адабиятыбыздын тарыхында К. Баялинов чебер котормочу катары да белгилүү.
Ал М. Ю. Лермонтовдун “Уч курма”, А. С. Пушкиндин “Руслан менен Людмила”, “Кавказ туткуну”, “Евгений Онегин”, А. М. Горькийдин “Макар Чудра” аттуу чыгармалары менен кыргыз окурмандарын тааныштырган профессионал котормочулардын бири болуп саналат.
К. Баялиновдун адабиятка сиңирген эмгеги өкмөт жана коомчулук тарабынан жогору бааланып эки ирет “Эмгек Кызыл Туу” жана “Ардак белгиси”, “Октябрь революциясы” ордендери, медалдар менен сыйланган.
СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү (1939), эл депутаттарынын Бишкек шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 1968-жылы ал Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу деген ардактуу наамга татыктуу болгон.
Ал 1979-жылы дүйнөдөн кайткан. Бишкектеги Республикалык жаштар китепканасына жазуучунун ысымы берилген.
Көргөзмөгө К.Баялиновдун китептери, газета-журналдык макалалар, цитаталар жайгаштырылды.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы.
Тел.:30-50-57, 30-47-04