Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Коп кырдуу суроткер

25 Мар 2016
2016-жылдын 25-мартында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург, сценарист Мурза Гапаровдун 80 жылдыгына арналган “Көп кырдуу сүрөткер” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлдү.
Көргөзмөгө Кыргыз эл жазуучулары жана акындары: Мелис Абакиров, Э.Эрматов, К.Жусупов, Р.Рыскулов, С.Раев, А.Өмүрканов, К.Жусубалиев, Т.Мамеев, С.Тургунбаев, Н.Жаркынбаев, Т.Нурманбетов, А.Муратов, А.Матисаков, М.Мамазаирова, маданияттын, илимдин кызматкерлери, студенттер, мектеп окуучулары жана массалык-маалымат кызматтарынын өкүлдөрү катышышты.
Китеп-сүрөт көргөзмөнү китепкананын директору Ж.Бакашова кириш сөз менен ачты. Ал төмөнкүлөргө токтолду. Кыргыз драматургиясына өзүнүн чыйырын салган таланттуу сүрөткер М.Гапаров өзүнүн оригиналдуу ойлору, колориттүү түзгөн образдары менен дасыккан драматург катары элге таанылгандыгын, ошондой эле адамга болгон этият мамилесин, бийик адамгерчилигин баса белгиледи.
Сөз калемдештерине берилип, алар кыргыз адабиятында өз орду, өз стили, бар мыкты прозачы, мыкты феномен адам катары таанымал. Мыкты чыгармаларды кыргыз элине жазып калтырып кеткендигин айтып өтүштү.
Мелис Абакиров эл жазуучусу Мурза Гапаровдун 80 жылдыгына карата анын тандалмалар жыйнагын чыгаргандыгын айтып кетти.
Обончу Абидин Темиров М.Гапаровдун эң жакшы көргөн “Кайыр кош”, “Ак булуттар” аттуу ырларды көркөм чеберчиликте аткарып берди. “Жаңы толкун” адабий клубунун жаш акындары Мурза Гапаровдун “Куюн”, “Коштошуу” аттуу ырларынан окуп беришти.
Катышуучулар тарабынан иш чара жылуу кабыл алынып, өз максатына жетти.