Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Корком ойдун акыны

25 Дек 2017
2017-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасында белгилүү прозаик акын Салибай Шатмановдун 85 жылдыгына арналган “Көркөм ойдун акыны” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Белгилүү прозаик акын С.Шатманов 1932-жылы 25-декабрда Аксы районуна караштуу Кызыл -Жер айылында туулган.
Ал 1950-жылы Таш-Көмүр шаарындагы орто мектепти аяктап, 1952-1953-жылдары Жалал-Абаддагы 2 жылдык мугалимдер инситутун бүтүп, Аксыдагы райондук окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, Ак-Суу орто мектебинде кыргыз тили жана адабиятынан мугалим, 1960-жылга чейин райондук “Колхоз жолу” газетасында адабий кызматкер болуп иштеген.
1961-1966-жылдарда Кыргыз мамлекеттик университетинин филология бөлүмүнөн окуп, окуусун бүткөндөн кийин 1966-1983-жылдары “Мугалимдер газетасында” адабий кызматкер, бөлүм башчы, 1986-жылы “Мектеп” басмасында редактор, “Учкун”, “Жаштар үнү”, “Жаш калем” серияларына редакторлук кылып, жаш акын-жазуучулардын жүзүн элге таанытууда жасаган иш-аракеттери, көрсөткөн көмөгү адабий чөйрөгө кеңири маалым болгон. “Адабият” басмасында үзүрлүү иштеген.
С.Шатманов акын катары кыргыз адабиятына 1950-жылдары келген. Жалал-Абад областтык “Большевиктик жол” газетасына “Болот коргон” аттуу тунгуч ыры жарыяланып, 1961-жылы “Гүлдесте” деген ырлар жыйнагы жарык көргөн.
Ага удаалаш эле “Жер ортосу”, “Тоо сүрөттөрү”, “Гүлбадам”, “Сөз”, “Алтын топурак”, “Кызыл ат минген жигит”, “Ата мурасы”, “Белегим”, “Бозбу”, “От менен суу”, “Менин өмүр баяным” аттуу 20дан ашык ыр жыйнактары басмадан басылып чыгып, окурмандардын китеп текчесин байытты.
Анын ыр жыйнактары акындын дараметин ачып көрсөткөн эң мыкты чыгармалардан болуп саналат. Акындын өз үнү, өзүнүн стили,, өз темасы бар. Башка акындардан айырмаланып турган акындык касиети, өзгөчөлүгү мына ушунд. Ал көркөм ойдун акыны, ойдун күчү анын философиялуулугунда. Ошондуктан С.Шатмановдун баса белгилей кетүүчү бир өзгөчөлүгү — көркөм ойдун акыны. Ал ойго бай, ой баккан акын эле. Акын көбүнчө ойго басым жасап, ой менен идеяны ажырагыс биримдикте карайт.
Акындын негизги темасы – табийгат менен адам. Чыгармаларында алардын түбөлүктүүлүгүн даңазалаган. Поэзиясынын башкы пафосу ушундан ачык көрүнөт. С.Шатмановдун 2002, 2003, 2004, 2007-жылдары “Менин өмүр баяным” аттуу 4 китептен турган ыр китебинин жыйнагы басылып чыккан, акын өзүнүн басып өткөн өмүр жолуна кайрылып 2006-жылы “Аксыдан алам ырымды” деген көлөмдүү китеби басмадан басылып чыгып окурмандардын колуна тийди.
Ал С.Баруздин, В.Астафьевдин, И.Н.Кожедубдун, А.Д.Дорофеевдин, К.Д.Ушинскийдин чыгармаларын кыргыз тилине которуп, кыргыз окурмандарына тартуулаган.
Анын эмгеги жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын жана СССРдин “Эл агартуу отличниги”, 2002-жылы А.Осмонов атындагы сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болуп, 2004-жылы “Кыргыз Республиксынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” наамы ыйгарылган.
С.Шатманов 2007-жылы дүйнөдөн кайткан.
Көргөзмөгө С.Шатмановдун китептери, газета-журналдык макалалар, цитаталар жайгаштырылды.
Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахмановкөч., 208.
КыргызРеспубликасынынА.Осмонов атындагы Улуттуккитепканасы.
Тел.:30-50-57, 30-47-04