Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Корком создун дыйканы

11 Окт 2017
2017-жылдын 11-октябрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө көрүнүктүү жазуучу, драматург, публицист Көчкөн Сактановдун 75 жылдыгына арналган “Көркөм сөздүн дыйканы” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулат.
Жазуучу, драматург К. Сактанов 1942-жылы 10-октябрда Ош областына караштуу Алай районундагы Кең-Жылга айылында туулган.
Гүлчө кыштагынан 10 жылдык мектепти бүткөндөн кийин, Көк-Жаңгак шахтасында машинист болуп иштеген.
Ал 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүп, 1968-жылы Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунда алгач кенже илимий, анан улук илимий кызматкер, Кыргыз энциклопедиясында жана телевидениеде редактор, “Ала-Тоо” журналында бөлүм башчы (1980), “Кыргызфильм” киностудиясында көркөм сценариялык коллегиясында редактор (1983), филармонияда адабият бөлүмүнүн башчысы, “Азаттык” радиостанциясында кабарчы, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окутуучу да болуп иштеген.
Жазуучунун адабий чөйрөгө аралашуусу 1964-жылдан башталган. “Аспиранттын аялы”, “Уулума кат”, “Өч”, “Кумар азабы”, “Мурас” аттуу аңгеме- повесттери газета-журналдарга жарыяланган. Анын биринчи китеби 1968-жылы “Үчөөнүн жүрөгү” деген ат менен басмадан чыгып, ага удаалаш эле “Апама кат”, “Умтулуу”, “Адат азабы”, “ Абат дүйнө”, “Мурас”, “Маркумдар үнү”, “Сталинден кийинки заман”, “Чөөлөрдүн заманы” аттуу аңгемелержанаромандаржыйнактары басмадан чыгып окурмандардын сүйүктүү чыгармаларына айланган.
К. Сактановдун “Бүттү, быйыл күйөөгө чыгам”, Т. Касымбеков менен авторлош болуп жазган “Курманжан датка” аттуу драмалары бир катар кыргыз драма театрларынын сахналарында коюлган.
СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү (1979), ал 2002-жылы Эл аралык “Руханият” ассоциациясынын сыйлыгына татыктуу болгон. 2011-жылы “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” наамы берилген.
Жазуучу ар дайым чыгармачылыктын үстүндө талбастан иштеп келген.
Бир нече Ардак грамоталар менен сыйланган.
Көргөзмөдө Көчкөн Сактановдун китептери, макалалар,газета-журналдык материалдар коюлду, окурмандар акын жөнүндө толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахмановкөч., 208.
КыргызРеспубликасынынУлуттуккитепканасы.
Тел: 30-50-57; 30-47-0